04

Февраль

2015

Премьер-министр Ж. Оторбаев электрондук мамлекеттик сатып алууга өтүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин сынга алды

Бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев сатып алуучу уюмдардын электрондук мамлекеттик сатып алууга баскычтуу түрдө өтүү планынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр кеңешмени ачууда белгилегендей, мамлекеттик сатып алуулар маселеси өлкөдөгү реформаларды өткөрүүдө жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдөгү маанилүү багыт катары саналат. “Эки жарым жыл мурда биз өнүккөн өлкөлөрдө орун алган мыкты тажрыйбаларды алуу жана киргизүү максатында донорлорго кайрылганбыз. Натыйжада биз Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан колдоо алдык», — деди Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр электрондук мамлекеттик сатып алуулардын маанилүүлүгүн белгиледи. «Биз жеткирип берүүчү менен сатып алуучу уюмдар ортосундагы физикалык байланыш мүмкүндүгүн жоё алабыз. Биз географиялык теңсиздикти жокко чыгарып, башкача айтканда бардык компаниялар үчүн бирдей мүмкүндүктү камсыздайбыз. Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук тутуму айкындуулуктун жогорулашына шарт түзөт. Коомчулукта тендер өткөрүүнүн бардык процессин көзөмөлдөө мүмкүндүгү бар. Тендердик документтердин ишенимдүүлүгү жана сапаты күч алып, ишкерлердин тендерге катышуу боюнча чыгымы төмөндөп, атаандаштык жана сатып алуулар наркы төмөндөп, талаш пикирлерди чечүү маселеси коомчулуктун катышуусу менен жүргүзүлөт, ишенимсиз ташып келүүчүлөрдүн катышуу мүмкүндүгү кыскарат. Мунун бардыгы мындай тутумду киргизүү керектигин тастыктайт», — деди Өкмөт башчы. Андан соң Премьер-министр мамлекеттик органдардын Сатып алуучу уюмдардын электрондук мамлекеттик сатып алууга баскычтуу түрдө өтүү планын аткаруу боюнча ишин катуу сынга алып, 2014-жылдын 10-октябрында ал тарабынан бардык министрлик, ведомстволорго, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөргө, мамлекеттик ишканаларга 2014-жылдын соңуна дейре электрондук мамлекеттик сатып алуу тутумуна толук өтүүсү тууралуу тапшырма берилген. «Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, 2014-жылы ар-кыл сатып алуучу уюмдар тарабынан 18 млрд 16 млн сомдук тендер өткөрүлгөн. Жалпысынан болгону 2 млрд сомдук тендер тууралуу маалымат жарыяланган жана 218 млн сомдук, башкача айтканда, жалпы көлөмдүн 1% гана электрондук сатып алуулар жүргүзүлгөн. Өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечими аткарылбай жатат. Финансы министрлиги, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти алдыга коюлган милдеттерди аткара албай жатышат», — деди ал. «9 муниципалдык ишканалардын 3ү гана мамлекеттик сатып алуулар менен алектенет. 19 акционердик коомдун 6сы гана бул тутумда катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 уюмунун 3ү гана бул тутумга өткөн. Билим берүү жана илим министрлигинин 22 мекемесинин бири дагы онлайн сатыктарды жүргүзбөйт. Саламаттык сактоо министрлигинде 31 мекеменин 3ү гана онлайн-тутумга өткөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 4 мекемеси электрондук сатып алууларга өткөн эмес. Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик чекара кызматынын мекемелери да тапшырманы аткарган эмес. Биз кандайча иш алып барабыз?», — деди Өкмөт башчы. Ал кошумчалагандай, планга киргизилген 125 уюмдун 30у гана же 24% электрондук сатып алууларды киргизе баштаган. «Бул мамлекеттик органдар үчүн коррупцияга карата тест катары саналган, аны көбүңүздөр өтө албадыңыздар. Эч ким онлайн сатык менен алектенгиси келбейт, бардыгы коррупция менен алектенгиси келет. Мен укук коргоо орган жетекчилерине бул тутумдагы кыянаттык менен пайдаланууларга каршы күрөш жүргүзүү маселесине тутумдуу мамиле кылууну тапшырам», — деди Премьер-министр. Жоомарт Оторбаев электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумуна өтүү маселесин көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган жетекчилеринин орун басарларынын, министрлик статс-катчыларынын жекече жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берди. «Бир катар ведомстволордогу мамлекеттик сатып алуулар тутумун көзөмөлдөгөн жактар Премьер-министрдин тапшырмасын аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулат. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тийиштүү иш алып барбай жатат, мисалга, ал сатып алуулардын көлөмү тууралуу маалыматтарды сунуштаган эмес. Мындан ары карай либералдуу мамиле болбойт. Жакынкы арада кадрдык маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат. Биринчи жетекчилер мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы реформалар үчүн жекече жооп берет», — деди ал жана бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринен ведомствого караштуу мекемелердеги электрондук сатып алуулардын өткөрүлүшү тууралуу жума сайынкы оттчетту сунуштоосун талап кылды. Мындан тышкары, премьер-министр бардык маморган жетекчилерине электрондук мамлекеттик порталды колдонбогон сатып алууга жоопкер кызматкерлерден тазаланууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү