02
Апрель
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагентикке “Кумтөр” кениндеги запастар тууралуу «Кумтор Голд Компани» ЖАК эсептөөлөрүн тыкыр талдоого алуусун тапшырды
1-апрелде “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо боюнча «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
«Кыргызалтын» ААК эксперттик тобу Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 23-30-мартында «Центерра Голд Инк» компаниясынын делегациясы менен өткөн сүйлөшүү жана консультациялардын жыйынтыгы, ошондой эле 2015-жылдын 20-мартында «Центерра” компаниясынын расмий сайтында жарыяланган Кумтөр кенин пайдалануунун кайрадан каралган Планынын мазмуну тууралуу маалымдады.
Кайрадан каралган Планга ылайык, «Центерра» компаниясы “Кумтөр” кениндеги запастын 21% төмөндөгөндүгүн белгилейт, бул өз кезегинде өндүрүш көлөмүнүн кыскарышына жана келечекте “Кумтөр” долбоору аркылуу келчү финансылык агымдын кыскарышына алып келет.
Буга катар карьердин бортторунун туруктуулугун камсыздоо жана мөңгү массаларынын кыймылын локалдаштыруу зарылдыгына байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктер жогорулоодо, ал тийиштүү түрдө чыгымдардын жана продукциянын өздүк наркынын жогорулашына алып келүүсү ыктымал.
Натыйжада, Биргелешкен ишкана түзүү учурунда (тараптардын 50%X50% үлүшүндө) кыргыз тарап үчүн мурда болжолдонгон дивиденддер түрүндөгү финансылык агымдары кескин кыскарат.
КР Өкмөтү «Центерра Голд Инк» компаниясы менен 2013-жылы сүйлөшүүлөрдү баштаган жана анын негизинде 2014-жылдын 18-январындагы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимге кол коюлган, бүгүнкү күндө аталган келишимдин баштапкы маалымат жана шарттарында олуттуу жагымсыз өзгөрүүлөр орун алды.
Консультативдик кеңеш билдиргендей, Кумтөр кенин пайдалануунун кайрадан каралган Планынын жарыяланышы жагымсыз жаңылык катары кабылданды, анткени мурда «Центерра Голд Инк» компаниясы тараптан аталган маселе көтөрүлгөн эмес.
Консультативдик кеңештин жыйынтыгы боюнча, 2014-жылдын 18-январындагы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимдин финансы-экономикалык параметрлери учурдагы шартта жана Кумтөр кенин пайдалануунун кайрадан каралган Планы алкагында Кыргыз Республикасы үчүн “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоодон мурда күтүлүп жаткан пайдадан олуттуу түрдө айырмаланат.
КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентикке «Кумтор Голд Компани» ЖАК эсептөөлөрүн тыкыр талдоого алуу тапшырылды, эсептөөлөр негизинде «Центерра Голд Инк» компаниясы “Кумтөр” кениндеги запастардын төмөндөшү тууралуу билдирген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү