26

Ноябрь

2014

Премьер-министр Ж. Оторбаев курулуш аянттарынын биринде орун алган кайгылуу чатактын себептерин текшерүүнү тапшырды

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев тийиштүү мамлекеттик органдарга 24-ноябрда курулуш аянттарынын биринде орун алган кайгылуу чатактын себептерин текшерүүнү тапшырды, анын натыйжасында 16 жашар өспүрүм Мамбетакун уулу Жаны каза тапкан.

Өкмөт башчы белгилегендей, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бардык тармактагы коопсуздук нормаларынын жана эмгек шарттарынын сакталышын текшерүүгө алып, ал эми Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлиги чатак себептерин, ага күнөөлүүлөрдү аныктап, иликтөөнү баштоосу зарыл.

“Курулуп жаткан обьектинин жогорку кабатынан кулап түшкөн өспүрүмдүн өлүмүн иликтөө ишин мен өз көзөмөлүмө алдым. Бүгүнкү күндө көптөгөн курулуш аянттарында коопсуздук техникасы жана эмгек шарттары сакталбагандыгына байланыштуу канааттандыраарлык эмес абал орун алган. Биз бул абалды катуу көзөмөлгө алабыз. Тармакта коррупция күч алып, текшерүүчү органдар мыйзамсыз “сый алгандыгы үчүн” өлкө мыйзамдарынын массалык түрдө бузулуусуна көздөрүн жабып коюуда”, — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү