24

Ноябрь

2014

Премьер-министр Ж.Оторбаев Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо алкагындагы бардык пландаштырылган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүнү тапшырды

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө күн тартибине ылайык, экинчи маселе катары “2014-жылдын 1-жарым жылдык жыйынтыгы боюнча, 1941-45-жылдагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча 2014-2015-жылга белгиленген иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” буйрук долбоору каралды. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Өкмөт тараптан Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча Пландын ишке ашырылышы боюнча такталган иш-аракеттер иштелип чыккан. «Минскиде өткөн КМШ өлкө башчыларынын акыркы саммитинде 2015-жылды Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин жылы катары жарыялоо чечими кабыл алынган. Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан “1941-45-жылдагы Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринин Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилчү стипендиясына кошумча каражат бекитүү жөнүндө” жарлыгына кол коюлган. Кошумча сумма 3 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чараларды бардык аймактар жана мамлекеттик органдар өз мөөнөтүндө жана жоопкерчилик менен аткаруулары тийиш. Биз ардагерлердин каармандыгын эч качан унутпайбыз”, — деди Ж.Оторбаев. Андан соң Жеңиштин юбилейлик датасын майрамдоого даярдык көрүү жана жүргүзүлүп жаткан иштин жыйынтыгы тууралуу баяндама менен КР социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев чыгып сүйлөдү. Министрдин айтымында, учурда Кыргызстанда бардыгы болуп 1261 Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери бар. «Жыл өткөн сайын биздин ардагерлердин саны суюлуп бара жатат. Быйылкы жылы арабыздан 283 ардагер өтүп кетти. Өкмөт социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу ардагерлерге үзгүлтүксүз материалдык көмөк көрсөтүүдө. Ал эми Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алкагында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине ар жыл сайын берилүүчү бир ирет кошумча берилүүчү акчалай жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу сунушталууда», — деди министр. Ал кошумчалагандай, “И.В.Панфилов атындагы 8-мотоаткычтар гвардиялык дивизиясы” китебин кайрадан басып чыгаруу пландаштырылууда. Аталган китеп 20 жыл мурун жарык көргөн. К.Базарбаев билдиргендей, И.Панфиловдун 100 жылдыгына карата ага эстелик орнотуу үчүн марафон өткөрүү пландаштырылууда. Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов белгилегендей, Ала-Тоо аянтында аскердик парад өткөрүү үчүн даярдык иштери жүргүзүлүүдө. «Ошондой эле Жеңиштин 70 жылдыгына карата юбилейлик медалдар чыгарылат. Куралдуу күчтөрдүн музейин ачууну пландаштыруудабыз. Жылдын соңуна дейре Москвада Кызыл Аянтта өтүүчү аскердик парадга катышуу үчүн ардагерлердин тизмеси даярдалат», — деди министрдин орун басары. Финансы министри Ольга Лаврованын айтымында, жыл сайын ардагерлерди колдоо үчүн өлкө бюджетинен 1 млрд дейре сом жумшалат. «Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө үчүн бюджетте белгилүү каражат каралган», — деди ал. Премьер-министр маморган жетекчилеринин баяндамасын уккан соң, жер-жерлердеги Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тармактык мамлекеттик органдарга Жеңиштин 70 жылдыгын өткөрүү, ага даярдык көрүү боюнча Иш-чаралар планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүнү тапшырды. Юбилейди белгилөө алкагында илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөр жана фестивалдар, согушка катышуучулардын жолугушуулары, эл аралык спорттук таймаштар жана турнирлер уюштурулмакчы. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү