27
Ноябрь
Премьер-министр Ж. Оторбаев бөлүштүрүүчү компанияларга коррупция менен чечкиндүү күрөшүп, жоготууларды азайтууну, дебитордук карыздарды кыскартууну жана акча каражатын 100% чогултууну камсызд
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев үстүбүздөгү жылдын 9 айы үчүн бөлүштүрүүчү электр компаниялардын иш жыйынтыгы, ошондой эле жылытуу мезгилине даярдыктын көрүлүшү боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Жыйынга энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев, Өкмөт Аппарат Жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Нурбек Элебаев, “Түндүкэлектр” ААК башкы директору Аскар Эшимбеков, «Ошэлектр» ААК башкы директору Дыйканбай Даминов, «Чыгышэлектр» ААК башкы директору Алмасбек Джумакадыров, «Жалалабатэлектр» ААК башкы директору Абакийралы Абдылдабеков жана “Бишкекжылуулуктармак” ААК башкы директору Эркин Абдыкалыков катышты.
Жыйын башталышында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, акыркы айларда энергетикалык тармакта бир катар реформалар жүргүзүлгөн, анын катарында көзкарандысыз жөнгө салуучу жана эсептик борбор түзүлгөн. Жаңы тарифтик саясат кабыл алынган.
«Учурда бөлүштүрүүчү компаниялардын ишине карата калктын ишеними жок болууда. Бөлүштүрүүчү компаниялардын инспекторлору көмүскө схемаларды пайдалануу менен керектөөчүлөр менен ич ара сүйлөшүп алышууда. Мындай көрүнүш үч фазалуу керектөөчүлөрдү өчүрүү учурунда байкалган жана бул көрүнүш пайдаланылган электр көлөмү 700 кВт.с ашкан учурда керектөөчүлөр жогорку тариф боюнча төлөөгө мажбур болгон учурда да кайталанышы мүмкүн. Биз бул абалды катуу көзөмөлгө алып, энергетикалык тармактагы айкындуулукка жетишүүбүз кажет», — деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Өкмөт башчы белгилегендей, бөлүштүрүүчү компания жетекчилерине энергетикалык тармактагы реформаларды өткөрүү жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик тагылат.
«Бөлүштүрүү компаниялары коммерциялык жоготуулар катары отчет берүүлөрү – бул уурулук. Сиздер аны нөлгө түшүрүүңүздөр керек. Дебитордук карыздын өсүүсүнө жол берилбеши керек. Компания ишин оптималдаштырып, штаттарды кыскарткыла, өз чыгымдарыңарды кайрадан карап чыккыла. Сиздер терең реформаларды жүргүзүү аркылуу элдин ишенимин кайтарып алышыңыздар керек», -деди Жоомарт Оторбаев бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилерине кайрылып.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы бөлүштүрүүчү компанияларга коррупция менен чечкиндүү күрөшүп, жоготууларды азайтууну, дебитордук карыздарды кыскартууну жана акча каражатын 100% чогултууну камсыздоону, ошондой эле энергетикалык жабдууларды куруу, оңдоо, реконструкциялоо боюнча бардык белгиленген милдеттенмелерди өз мөөнөтүндө аткарууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү