22

Январь

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев жаңы Фискалдык саясат концепциясын ишке ашыруу боюнча тыкыр календардык планды иштеп чыгууну тапшырды

Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомство жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын жаңы Фискалдык саясат концепция долбоорун ишке ашырылышын талкуулады. Жаңы Фискалдык саясат концепциясынын негизги максаты катары өлкөнүн салык мыйзамында белгиленген негизги принциптерди максималдуу түрдө ишке ашыруу, анын ичинде, бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн салык төлөөчүлөргө оордук келтирбестен, мыйзамдуу, бекитилген эрежелер боюнча ачык-айкын алынышы эсептелет. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул максатка жетишүү үчүн ар кыл секторлордун жана салык төлөөчүлөр категорияларынын салык жүгүн теңдештирүү, кабыл алынган чечимдердин сапатын жогорулатуу, фискалдык башкаруунун жаңы инструменттерин өздөштүрүү, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу, маданиятты уюштуруу жана салык сабаттуулугун жогорулатуу мампрограмасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн бюджеттик туруктуулугуна жетишүү зарыл. Премьер-министр белгилегендей, жаңы Фискалдык саясат концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселеси көптөн бери талкууланууда жана аны кабыл алууну тездетүү зарыл. “Бизге бул документ керек. Ошондуктан жакынкы арада Концепцияны бекитүү боюнча конкреттүү кадамдарды кабыл алуу керек», — деди Жоомарт Оторбаев жана ведомство жетекчилерине кошумча түрдө Концепцияны ишке ашыруу боюнча календардык планды иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле Өкмөт башчы ашкере байлыкка салык киргизүү, накталай эмес төлөмгө өтүү, жер салыгын чогултуу милдетин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү, ошондой эле салык төлөмдөрүн толук администрациялоого өткөрүү маселелерин тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи.

[su_carousel source="media: 49224,49225,49226,49227,49228,49229" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү