09
Январь
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев көзөмөлдөө-кассалык машиналарын фискалдаштыруу долбоорун киргизүү боюнча планды иштеп чыгууну тапшырды
Бүгүн, 9-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен көзөмөлдөө-кассалык машиналарын фискалдаштыруу долбоорун киргизүүнү талкуулады.
Премьер-министр белгилегендей, 2015-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө болуп саналат. «Быйылкы жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан Кыргызстандын улуттук экономикасын чыңдоо жылы болуп саналат. Биз ушул жылы Кыргыз Республикасынын экономикасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө ниеттенүүдөбүз», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, Кыргызстанда салык башкаруусун өнүктүрүү темасы келечектүү маселелердин катарына кирет. «Бул багытта чечкиндүү кадамдар жасалган. Салык кызматындагы коррупция менен күрөшүү максатында кичи жана орто бизнес жаатындагы патенттер тутуму киргизилген. Бирок чарба субьектилеринин жүгүртүүсүн башкарууга өтүү керек», — деди ал.
Көзөмөлдөө-кассалык машиналарын фискалдаштыруу боюнча долбоордун бетачарында белгиленгендей, аталган долбоордун ишке ашырылышы салыктык түшүүлөрдүн жогорулашына, накталай акча каражаттарынын жүгүртүү айкындыгын камсыздоого, фискалдык ачык тутумду түзүүгө, мамлекет тараптан натыйжалуу көзөмөлдү жогорулатууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүүгө шарт түзөт.
«Көзөмөлдөө-кассалык аппараттарды фискалдаштыруу өлкөдөгү салык башкаруу тутумундагы олуттуу секирик катары эсептелет. Бул Кыргызстандагы күңүрт экономиканы мыйзамдаштыруу боюнча ишти жакшыртууга карата дагы бир жасалган кадам болуп саналат», — деди Жоомарт Оторбаев.
Талкуу жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көзөмөлдөө-кассалык машиналарын фискалдаштыруу долбоорун киргизүү боюнча так календардык планды иштеп чыгууну жана аны ишке ашыруу процессин тездетүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 48491,48492,48493,48494,48495,48496" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү