17

Февраль

2015

Премьер-министр Ж. Оторбаев Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Н.Момуналиевге жарандардын ЖМК аркылуу кайрылууларына маморгандардын жооп кайтаруу сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды

Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев менен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарандардын кайрылууларына жооп кайтаруу маселеси боюнча иштиктүү жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун башталышында Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө мамлекеттик орган кызматкерлери тарабынан укук бузуу фактыларын үзгүлтүксүз жарыялаган жана коомдук маанилүү маселелерди көтөргөн ЖМК жана жарандык активисттердин ролу жогорулап бара жатат. Премьер-министр эскерткендей, үстүбүздөгү жылдын 14-январында анын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын укук коргоо жетекчилеринин катышуусундагы жарандар тараптан Ички иштер министрлигинин жана Жол-кайгуул кызмат кызматкерлерине карата түшкөн сын-пикирлерге жооп кайтаруусу боюнча кеңешме болуп өткөн. 15-январда Өкмөт башчысынын ЖМК жетекчилери менен жолугушуусу болуп өтүп, анда Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ишиндеги укук бузуу фактыларын жарыялоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. «Демократиялык өлкөнүн негизги белгилеринин бири катары басма сөз эркиндиги эсептелет. Бул абдан чоң күч, аны толук түрдө пайдалануу керек. Өкмөт коом алдында отчет берүүсү керек жана анын ишинин негизги критерийи болуп, калктын ишеним деңгээлин жогорулатуусу эсептелет», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр кошумчалагандай, өткөрүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө ал тараптан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жарандардын ЖМК жарыяланган каттары, кайрылуулары жана сын-пикирлерине өз убактысында жооп кайтаруу тууралуу протоколдук тапшырма берилген. “Мамлекеттик органдар кайрылууларга карай жооп кайтаруусу активдешкени менен анын сапаты төмөн бойдон калууда. Алар куру жооптор менен коштолууда. Анда укук бузуучуларга карата көрүлүп жаткан чаралар жана жарандардын жообуна так жоопто көрсөтүлбөйт. Каттардагы нааразычылыктын 70% жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган. Үстүрт, бюрократиялык жооп кайтаруу тажрыйбасынан баш тартуу керек. Калктын маморгандарга карата ишенимин жогорулатуу максатында ЖМКдагы маалыматтарга туура мамиле жасоо керек”, — деди ал жана Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиевге жарандардын ЖМК аркылуу кайрылууларына карата мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооп кайтаруу сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды. [su_carousel source="media: 50443,50444,50445" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү