25

Июль

2014

Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынындагы күн тартибинин экинчи маселеси катары КР экономика министри Темир Сариевдин 2014-жылдын биринчи жарым жылдык жыйынтыгы боюнча 2017-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышы тууралуу маалыматы угулду.

КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев белгилегендей, сентябрь айында КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

“Өкмөттүн 2014-жылга карата Улуттук стратегиянын ишке ашырылышы тууралуу маалыматы угулат. Ар-бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү администрация башчылары Улуттук кеңештин келерки жыйынына мыкты даярданышы керек. Стратегиянын максаты жана милдеттери артта калуу менен аткарылууда. Ишти активдештиргиле жана алдыңыздарга коюлган милдеттерди аткарыңыздар», — деди Премьер-министр.

Жоомарт Оторбаев мамлекеттик жана жергиликтүү маморгандар жетекчилерине Стратегияны өз убактысында ишке ашыруу үчүн токтоосуз чараларды кабыл алууну тапшырды. «Алдыга коюлган милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыздар. Жакынкы арада үстүбүздөгү жылга карата Стратегияны ишке ашыруу графигин түзүп, Өкмөттүн кароосуна киргизиңиздер. Сиздердин графиктин негизинде ай сайын мониторинг жүргүзүлөт», — деди Өкмөт башчы.

Министр Т.Сариевдин айтымында, Стратегияга ылайык, үстүбүздөгү жылы ИДП өсүшү 7% кем эмес көрсөткүчтү түзүшү керек, бирок экономиканын өнүгүү темпи жайлады, анын биринчи жарым жылдык көрсөткүчү 4,1% түздү.

«Биз инфляцияны 5-7% деңгээлде кармап туруубуз керек. Ушул жылы “Жерүй” кенине карата сынакты жыйынтыктоо, Кемин районундагы «Талды-Булак Солжээкти”, “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводун, Ала-Бука районундагы «Бозымчак» кенин ишке киргизүү зарыл», — деди ал.

Министрдин айтымында, Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында 11 млрд 917 млн доллар суммасындагы 77 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу керек. Учурда 24 долбоор ишке ашыруу алдыда турат, ал эми 15и каражаттын жоктугуна байланыштуу баштала элек.

Аталган маселени талкуулоо соңунда Өкмөт мүчөлөрү министр Т.Сариевдин маалыматын эске алды.