30
Январь
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Өкмөт Кыргызстандын стратегиялык өнөгү “Газпром” компаниясынын инвестициялык программасын ишке ашырууга зарыл болгон колдоону көрсөтөт
Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз кеңешмеси болуп өттү, анын алкагында Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасы жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК 2015-2017-жылдарга инвестициялык программасы тартууланды.
Кеңешмеге «Газпром» ААК төрагасы Алексей Миллер, «Газпром» ААК башкармалыгынын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК директорлор кеңешинин мүчөлөрү, «Газпром» ААК подразделение жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик орган жетекчилери катышты.
Жыйынды ачууда Премьер-министр «Газпром» компаниясынын жетекчилерине жана адистерине Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК 2015-2017-жылдарга инвестициялык программасын иштеп чыгуу боюнча сапаттуу жана натыйжалуу аткарган ишине ыраазычылык билдирди.
“Бүгүнкү күндө биз Кыргызстандын газ транспорттук тутумунун өнүктүрүүгө “Газпром” компаниясын стратегиялык инвестор катары тартуу тууралуу сөз кылуудабыз. Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы аралык кол коюлган өкмөт аралык келишим алкагында «Газпром» газ өткөрүүчү магистралдарды жана жабдууларды модернизациялоого инвестиция салууга, өлкө керектөөчүлөрү үчүн жаратылыш газын үзгүлтүксүз ташууга жана Өкмөт тараптан бекитилчү тарифтик саясатты карманууга кепилдик берет. Өкмөт аралык келишимге кол коюлгандан кийин кыска мөөнөттө «Газпром» «Кыргызгаз» ААКда аудит өткөрүлүп, эксперттердин натыйжалуу жана ырааттуу ишине ылайык конкреттүү чечимдер менен сунуштар даярдалган», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, КР 2030-жылга газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасы боюнча Өкмөттүн атайы буйругуна кол коюлат. «Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары биздин стратегиялык өнөктүн чыныгы амбициялуу инвестициялык программасын ишке ашырууга зарыл болгон көмөктү көрсөтөт. КР бардык облустары газ менен камсыздалышын эске алуу менен бардык облустардын губернаторлоруна аталган инвестициялык программага байланыштуу маселелердин бардыгын жеринде чечүү тапшырылат», — деди ал.
Андан соң КР 2030-жылга газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасы жана 2015-2017-жылдарга Инвестициялык программасынын бетачары тартууланды.
Өкмөт кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын мотордук отун иретинде пайдалануу рыногун кеңейтүү жаатында кызматташуу тууралуу протоколго кол коюшту.
[su_carousel source="media: 49665,49666,49667,49668,49669" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү