20

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Өкмөт ирригациялык обьектилерди реконструкциялоо жана реабилитациялоо үчүн тийиштүү чараларды кабыл алууда»

Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Чүй облусу боюнча иш сапары алкагында Панфилов районундагы Чалдыбар айыл аймагындагы күнү-түнү жөнгө салынуучу бассейндин плотинасындагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анын жүрүшүндө КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин башкы директору Көкүмбек Таштаналиев иш-чара катышуучуларына Чүй облусундагы жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдап, даярдыктар алдын-ала көрүлгөндүгүн кошумчалап кетти. Чиновник ошондой эле учурда күнү-түнү жөнгө салынуучу бассейнди оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу айтып берди. Премьер-министр билдиргендей, аталган бассейн 1975-жылы курулган жана бүгүнкү күнгө карата 3380 га аянтты сугат суу менен камсыздайт. Жоомарт Оторбаев суу ресурстары менен көбүрөөк аянтты камсыздоо максатында бассейндин кубаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Өкмөт башчы ошондой эле айыл чарба тармагына тийиштүү колдогу болгон статистикалык маалыматтарга комментарий берди. Анын пикиринде, учурдагы маалыматтарды эсептөө ыкмасын кайрадан карап чыгуу муктаждыгы бар. Премьер-министр ошондой эле дыйкандарга кредит берүү маселесин козгоду. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы айыл-чарба тармагындагы өкүлдөргө кредит берүү тутуму өзгөрүлөт. Жаңы принципке ылайык, ссуда алуу үчүн “ар-бир фермер бизнес-планын сунуштоосу тийиш”. Ж.Оторбаев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылы Кыргызстан фермерлердин муктаждыгы үчүн 900 дейре тракторду лизингге алууну пландаштырууда. Чүй облусунун сугат тутумдарын кыдыруу учурунда Премьер-министр ошондой эле Чоң Чүй каналына барып, анын техникалык абалы менен таанышып, андан соң аталган обьектини тийиштүү тартипке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Премьер-министр кошумчалагандай, Өкмөт ирригациялык обьектилерди реконструкциялоо жана реабилитациялоо үчүн бардык чараларды кабыл алууда. Жоомарт Оторбаев Финансы министрлигине Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жазгы-талаа жумуштарынын сапаттуу өткөрүлүшүн камсыздоо максатында тийиштүү финансылык каражаттарды бөлүүсүн тапшырды. [su_carousel source="media: 52017,52018,52019,52020,52021,52022,52023,52024,52025,52026,52027" limit="50" link="image" width="200" height="40" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү