21

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Өкмөт демократияны жана заманбап рынок экономикасын өнүктүрүүнүн тандалып алынган жолу боюнча ишенимдүү кадам таштоого ниеттенүүдө»

20-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев элчилик өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын жана ардактуу консулчулуктардын катышуусундагы Ноорузду майрамдоо боюнча салтанаттуу кабыл алууга катышты. Өз сөзүндө Премьер-министр белгилегендей, Нооруз — бул жаздын, жаңыруунун жана үмүттүн майрамы. «Биздин өлкө, 2010-жылы прогрессивдүү өнүгүү жолун тандап алуу менен, жаңыруу, кайрадан жаралуу жана үмүт-тилектердин жолунда турат. Биздин Өкмөт демократияны жана заманбап рынок экономикасын өнүктүрүүнүн тандалып алынган жолу боюнча ишенимдүү кадам таштоого ниеттенүүдө», — деди Жоомарт Оторбаев жана Кыргызстандын өнөктөрүнө жана дипломаттарга мамлекеттер аралык өз-ара пайдалуу жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымына жана колдоосуна ыраазычылык билдирди. “Көп жылдардан бери Кыргызстан ачык рынок экономикасын курууда. Биз тышкы соода көлөмү ИДП көлөмүнөн ашкан дүйнөдөгү беш мамлекеттин катарына киребиз. Ошол эле учурда мындай процесстерди деңизге карай жолу жок жүргүзүп жаткан дүйнөдөгү жалгыз мамлекет болуп эсептелет. Биз мындан ары карай дагы ачык рынок экономика саясатын улантууга ниеттенүүдөбүз», — деп кошумчалады Өкмөт башчы. Премьер-министр белгилегендей, ачык рынок экономиканы куруу саясатында нукура жана фундаменталдуу кадам катары Кыргыз Республикасынын Евразия Экономикалык бирлигине интеграциясы эсептелет. «Биздин негизги соода-экономикалык өнөктөр бизге дагы жакыныраак болуусу тийиш. Биз өлкөдө иштеп жаткан ишканалар үчүн жогорку сатып алуу мүмкүндүгү бар 170 млн. адамдык рынок ачуудабыз. Бул биздин өлкөнү, экономиканы өнүктүрүү үчүн кадам болуп саналат», — деп белгиледи ал. Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын бардык шерик-өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташуусун тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди. «Биз атамекендик жана чет мамлекеттик ишкерлер өздөрүн ыңгайлуу сезүүсү жана кирешелүү эмгектенүүсү үчүн инвестициялык абалды жакшыртууга аракеттенебиз. Биз инвестиция салуу үчүн ачыкпыз”, - деп билдирди Премьер-министр. Ал эскерткендей, 2015-жыл Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары белгиленген. «Экономиканы өнүктүрбөстөн туруп, өлкөнү, анын аброюн жогорулатуу мүмкүн эмес. Биз Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында иш алып баруудабыз. Аталган документте негизги багыттар аныкталган, анын катарында коррупцияга каршы күрөш; бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн мыкты дүйнөлүк тажрыйбалар боюнча мыйзамдарды жакшыртуу маселелери каралды», — деди Өкмөт башчы. Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, Өкмөт мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо жаатында бардык министрлик жана ведомстволордун ишинин критерийлери арасында үч негизги багытты: функционалдык милдеттердин сапаттуу аткарылышын, калктын ишенимин жогорулатууну, ар-кыл эл аралык рейтингдердеги өлкөнүн позициясын белгилейт. «Биз эл аралык коомчулукта кабыл алынган рейтингдерге карата курчап турган дүйнөнүн бизге карата мамилесин так кабылдайбыз. Дээрлик көпчүлүк багыттар боюнча биздин өлкө жетишкендиктерге жетишти жана аракеттердин багытын улантуубуз керек. Реформаны жасоо гана эмес, аны жарандарга жана эл аралык коомчулукка жеткирүү зарыл», — деди ал. Жыйынтыгында Премьер-министр Кыргызстандагы көрсөтүлгөн дипломатиялык өкүлдөрдү Нооруз майрамы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү кызматташууга карата кызыкдарлыгын билдирди.

[su_carousel source="media: 52080,52081,52082,52083,52084,52085,52086,52087,52088" limit="50" link="image" width="200" height="40" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү