04

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Өкмөт аялзатынын өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын жана эмгегин жогору баалайт»

Бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстан аялдарынын улуттук форумуна катышты. Форумда сүйлөгөн сөзүндө Премьер-министр белгилегендей, кыргыз эли ар-дайым аялдарга карата сый мамиле кылып келген. «Кыргызстандын тарыхында биз сыймыктанып жүргөн көптөгөн аялзаты өткөн. Алардын арасында Каныкей, Жаңыл мырза, Курманжан датка жана алгачкы аялзатынан чыккан президент Роза Отунбаева да бар, ал өлкөдөгү демократиянын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, бийликти тынч өткөрүп берүүнү камсыздап, жалпы журтка үлгү боло алды. Учурда Жогорку Кеңештин, сот тутумунун, министрликтердин жана бийликтин бардык бутактарында аялдар көрсөтүлгөн», — деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда аялдар жашоонун оорчулугуна карабастан, өлкөнүн коомдук турмушунда активдүү катышып, ошол эле учурда энелик милдетин да аткарып жатышат. «Өткөн жылы Кыргызстанда 160 миңге жакын бала төрөлгөн, быйылкы жылы калктын жалпы саны 6 миллион адамга жетти», — деди ал. “Аялдын негизги милдети - энелик милдет аткарып, мээрим төгүү болуп саналат. Биз ал эмгектин канчалык деңгээлде оор экендигин билебиз. Ошондуктан биз аялзатына аяр мамиле кылып, аларга кам көрө билишибиз керек», — деп белгиледи Премьер-министр. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргыз Республикасы көптөгөн стратегиялык милдеттерди чечүүсү тийиш. Кыргызстан аялдары алардын чечилишине өз салымын кошо алат. «Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун негизги шарттары катары аялдардын жана үй-бүлө институтунун абалы эсептелет. Акыркы жылдары ар кандай оорчулуктарга карабастан, өлкөдөгү аялдардын укук жана эркиндиктерин коргоо үчүн чаралар кабыл алынууда. Алсак, 2020-жылга Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия, БУУ резолюцияларын ишке ашыруу боюнча улуттук план кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. Мындан тышкары, аялдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлүүдө», — деди ал.   Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт аялзатынын өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын жана эмгегин жогору баалайт. “Аялдардын жана балдардын укугун коргоо, жаштарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү Өкмөттүн социалдык саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат», — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.

[su_carousel source="media: 51105,51106,51107,51108,51109" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү