05
Февраль
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев Москвада өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңештин I жыйынына катышат
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразиялык өкмөт аралык кеңештин I жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти.
Евразиялык өкмөт аралык кеңештин алкагында Премьер-министр Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугушат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү