18

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Дүйнөлүк банктын башкаруу маселеси боюнча директору Р.Хунжаны кабыл алды

Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын Глобалдык тажрыйба боюнча башкаруу маселеси жаатындагы директору Роберт Хунжаны кабыл алды. Жолугушууну ачууда Премьер-министр билдиргендей, Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуу тутумунда реформа жүргүзүүнү өзүнө камтыган мамлекеттик секторду реформалоо боюнча амбициялык программа кабыл алынган. «Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоонун негизги максаты коррупция менен күрөшүү эсептелет. Тилекке каршы, биз бул тутумда баары ойдогудай деп билдире албайбыз, бирок бизде саясый эрк жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоону ишке ашыруу үчүн ниет бар. Биз өнүктүрүү боюнча шериктерден натыйжалуу көмөк алуудабыз жана биргелешкен түрдө алга умтулуудабыз», — деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы 2015-жылдын 18-февралында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жаңы мыйзамын иштеп чыгуудагы Дүйнөлүк банк тарабынан көрсөтүлгөн көмөктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Премьер-министр ошондой эле тийиштүү ченемдик-укуктук базаларды түзүү, электрондук сооданы киргизүү жана сатып алуучу уюмдарды жана бизнес-коомчулукту окутуу боюнча АӨБдү жана ЕРӨБдү кошо алганда, өнүктүрүү боюнча шериктер аралык жакшы координация орун алгандыгын белгиледи. Дүйнөлүк банктын Глобалдык тажрыйба боюнча башкаруу маселеси жаатындагы директору Роберт Хунжа Кыргызстан тарабынан мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселелери боюнча көрүлгөн чараларга оң баа берди. «Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, аталган тармак реформалоо үчүн бирден-бир татаал эсептелет жана буга байланыштуу бул багыттагы Кыргызстан тарабынан жетишилген ийгиликтердин мааниси бир топ артат» — деп белгиледи Дүйнөлүк банк өкүлү. Андан соң Жоомарт Оторбаев жана Роберт Хунжа Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуу тутумун реформалоо алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышы, бул жааттагы мүмкүндүктөрдү өркүндөтүү, ошондой эле электрондук мамлекеттик сатып алууну иштеп чыгуу жана аны баскычтуу түрдө киргизүү маселелерин талкуулады. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк ортосундагы келечек кызматташууга ишеним билдиришти.

[su_carousel source="media: 51749,51748,51747,51746,51745" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү