25

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Б.Исабаевди кабыл алды

Бүгүн, 25-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды. Премьер-министр Бейбит Исабаевге Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси катары кыргыз-казак мамилесинин өнүгүүсүнө активдүү салым кошуп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. «Көрсөтүлгөн убакытта көптөгөн маанилүү документтерге кол коюлуп, эки тараптуу актуалдуу маселелер чечилген. Соода жаатында жаман эмес көрсөткүчтөр орун алып, акыркы эки жылда анын көлөмү 1 млрд АКШ долларына жеткен. Бул көрсөткүчтөрдү өз-ара соода жүргүзүү жаатында тийиштүү шарттарды түзүү аркылуу жакшыртуу керек», — деди ал. Премьер-министр ошондой эле республиканын Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессине, ошондой эле КР Бажы биримдигине жана ЕАЭБ кошулуусу боюнча Жол карталарында каралган иш-чарлар боюнча Казакстан тараптан көрсөтүлүп жаткан колдоо жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы Казакстандын эгемендүүлүк жылдардагы ийгиликтүү өнүгүүгө бет алгандыгын, экономикадагы өнүгүүсүн, эл аралык аброюнун жогорулоосун жана тынчтыкты, аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо боюнча көп тараптуу аракеттерге активдүү катышуусун белгиледи. Премьер-министр ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 26-апрелине белгиленген Казакстан Республикасынын Президентин шайлоо ийгиликтүү өтүүсүн каалады. Жолугушуунун жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев Бейбит Исабаевди Казакстан Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттердин ийгиликтүү ишке ашуусун каалады. [su_carousel source="media: 52320,52321,52322,52323" limit="50" link="image" width="200" height="40" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү