09

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев «Сергек жашоону өзүңдөн башта” урааны алдындагы спорттук оюндарга катышты

Кечээ, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев «Сергек жашоону өзүңдөн башта” урааны алдындагы спорттук оюндарга катышты. Сергек жашоо мүнөзүн жана кышкы спорттук оюндарды жайылтуу максатында өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Дамира Ниязалиева жана Абдырахман Маматалиев, ошондой эле министрлик жана ведомство жетекчилери катышты. Премьер-министр белгилегендей, жыл сайын Кыргызстандын калкынын саны 1-2% көбөйүүдө, бирок балдардын 30% ар-кандай оорулардын түрүнөн жабыркоодо. «Мектеп окуучуларынын 67% омуртканын кыйшаюусунан жабыркайт. Бул алардын спорт жана дене-тарбисы менен алектенбей, компьютер жана телевизор менен убактысынын көбүн өткөрүп жаткандыгын түшүндүрөт. Армияга чакырылгандардын 90% жакыны ден-соолугунан жабыркай тургандыгы аныкталган. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандардын саны жогору», — деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы жарандарды ден-соолугуна, туура тамактанууга жана спорт менен активдүү алпурушууга чакырды. “Кыргызстанда жылына саламаттык сактоо тутумуна, тактап айтканда, жарандардын дарылануусуна көптөгөн каражаттар багытталат. Ошондуктан биз оорулардын алдын алууга басым жасап, балдарды жана жаштарды спорт менен активдүү алектенүүгө чакыруубуз керек. Эгерде бардык жарандар спорт менен машыгып, туура тамактанса, улуттун дени сак болот. Японияда орточо жашоо узундугу 85 жашты түзсө, бизде ал 65 жашка барабар, 20 жыл – бул чоң айырмачылык болуп саналат. Ошондуктан биз бүгүн жеке үлгүбүз менен спортту өнүктүрүү керектигин көргөзүүнү чечтик», —деди ал. Таймаштардын жыйынтыгы боюнча спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.

[su_carousel source="media: 50110,50111,50112,50113,50114,50115,50116,50117,50118,50119,50120,50121" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү