31

Январь

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев КР Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты

Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты, анда министрликтин 2014-жыл жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүгү каралып, 2015-жылга карата багыттары белгиленди. Кеңешме жүрүшүндө Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын Россия, Казакстан, Түркия, Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөрү менен саясый баарлашуусунун жогорку деңгээли орун алып, ошондой эле ЖККУ, ШКУ жана КМШ алкагындагы өнөктөрү менен активдүү өз-ара аракеттешүүсү ишке ашырылууда. «Өлкөнүн узак мөөнөттү өнүгүүсү үчүн принципиалдуу мааниге ээ болгон олуттуу макулдашууларга кол коюлду», — деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы республиканын тышкы саясый ведомствосунун бардык кызматкерлерине жогорку кесипкөйлүгү жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо жана аны алга жылдыруудагы аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. «2014-жыл Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү алкагында бурулуш учур катары орун алды. КР Тышкы иштер министрлигинин бул процесстеги ролун баалабай коюу мүмкүн эмес. КР ЕАЭБ тууралуу келишимге кошулуусу жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрында кабыл алынган чечим өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн кеңири мүмкүндүктөрдү ачат. Биздин алдыбызда келишимдерди ишке ашыруу боюнча маанилүү иштер турат», — деди ал. Премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыялангандыгына байланыштуу Экономика министрлигине өзгөчө көңүлдү экономикалык дипломатияны алга жылдыруу жана чет мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү маселесине өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Тышкы иштер министрлиги тараптан жарандарга көрсөтүлгөн кызмат сапатынын жакшыртылышын жана мамлекеттик органдардын эл аралык кызматташуу жаатындагы ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча ишин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү