24

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Кыргыз Республикасынын финансылык секторуна голландиялык түз инвестициялардын тартылышы өлкө экономикасы үчүн маанилүү»

Бүгүн, 23-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Компаньон финансылык тобу” ЖАК өкүлдөрү жана инвесторлору менен жолугушту. Жолугушууну ачууда Премьер-министр белгилегендей, аймактагы экономикалык абалды эске алуу менен катар Кыргыз Республикасынын финансылык секторуна голландиялык түз инвестициялардын тартылышы өлкө экономикасы үчүн маанилүү. «Бул Кыргызстан экономикасына инвестициялоо жаатындагы жакшы үлгү болуп бере алат», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы эскерткендей, жалпысынан финансылык жана микрофинансылык сектордун кредиттик портфели ИДП деңгээлине карата 20% түзөт. «Кредиттик портфелдин 33% микрофинансылык институттарга тийиштүү, алар өлкөнүн жалпы экономикасында салмактуу роль ойнойт. 2010-жылдан 2014-жылдын январь айына дейре микрофинансылык уюмдардын микрокредиттер көлөмү дээрлик 2,3 эсеге - 9 дан 21 млрд сомго дейре жогорулаган. Учурда Кыргызстандагы микрофинансылык тармакта дээрлик 500 миң зайымчы бар. Республикадагы ар-бир экинчи үй-бүлө зайымчы катары саналат. Микрофинансылык тармак айыл аймактарынын жана кичи шаарлардын социалдык-экономикалык өсүүсү үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү түзүү менен жаңы иш орундарынын түзүлүүсүнө, миңдеген үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун жогорулатууга өбөк болууда», — деди ал. Премьер-министр ошондой эле “Компаньон финансылык тобу” микрофинансылык компаниясы ЖАК өкүлдөрү Кыргызстан калкына сунушталган өз ресурстарын, продуктулар санын жогорулатуусуна кызыкдарлыгын билдирди. «Биздин өлкөдө кичи жана орто бизнес өнүккөн жана микрофинансылык уюмдар аларды активдүү колдоого алат. Эгерде биздин микрофинансылык институттар көбүрөөк инвестиция алса, анда өлкө экономикасы гүлдөп-өнүгөт», — деди Жоомарт Оторбаев жана Өкмөттүн максаты – кичи жана орто бизнес ишкерлеринин дүйнөлүк рынокко жеткиликтүүлүгүн, агробизнестин жаңы сапаттуу деңгээлине жогорулоосун камсыздоо болуп саналат. Боорукерлик корпустун финансылык кызматынын вице-президенти, Компаньондун Директорлор кеңешинин төрагасы Стивен Митчелл өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. «Биз Кыргызстандын экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, калктын жаңы рынокторду ачуусуна же жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө салым кошууга аракеттенебиз. Бул багытта микрофинансылык сектордун колдоосунда көптөгөн нерсени аткаруу керек», — деди Стивен Митчелл. Белгилесек, Компаньон финансылык тобу” микрофинансылык компаниясы ЖАК акционерлеринин курамына голландиялык инвесторлор кирди. Уюмдун уставдык капиталы 650,4 млн сомдон 1 млрд 616 миң сомго дейре жогорулады. Жаңы акционерлер социалдык жана инновациялык багытка ээ болгон эл аралык финансы кредиттик мекеме жана Голландия жана Люксембург фонддору тарабынан көрсөтүлөт. Негизги акционер жана 65 % кармоочусу катары «Компаньон» негиздөөчүсү — экономикалык өнүктүрүү жана көмөк боюнча эл аралык бейөкмөт уюму Боорукерлик корпусу (Mercy Corps) эсептелет. Жаңы акционерлердин үлүшү 35% түзөт. «Компаньондун» 17,5 % акциясынын кармоочусу катары Голландиялык өнүктүрүү банкы (FMO) эсептелет, анын негизги ишмердүүлүгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кредиттерди, жеке сектор ишканаларына кепилдик жана капиталдарды сунуштоодо турат. Голландиялык өнүктүрүү банкына эл аралык узак мөөнөттүү ААА кредиттик рейтинги ыйгарылган. Мамлекеттик үлүштүн Нидерланды Финансы министрлиги аркылуу банк капитал түзүмүндөгү көлөмү 51 % акцияны түзөт. Голландиялык өнүктүрүү банкынын МФК ЖАКтагы жалпы инвестициялар көлөмү 244 млн 136 миң 500 сомду түзөт. Triodos эки инвестициялык фондунун үлүшүнө жыйынтыктап алганда 17,5 % акция туура келет: - TriodosFairShareFund (Голландия) биринчи инвестициялык фонд, ага социалдык-этикалык инвестициялык институт расмий макамы ыйгарылган. Фонд инвестициясынын жалпы көлөмү 122 млн 68 миң 250 сомду түзөт. - TriodosSicavII — TriodosMicrofinanceFund (Люксембург) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү төмөнкү кирешелүү адамдар үчүн финансылык тейлөөнү инвестициялоо менен алектенет. 200 млн евродон ашуун активге ээ болгон иннвестициялык фонддун көлөмү 122 млн 68 миң 250 сомду түзөт. [su_carousel source="media: 52167,52168,52169,52170" limit="50" link="image" width="200" height="40" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү