25

Декабрь

2014

Премьер-министр Ж. Оторбаев макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңешти өткөрдү

Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин иши министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, өлкөнүн макроэкономикалык жана инвестициялык саясат жаатындагы принципиалдуу чечимдери Координациялык кеңештин жыйынында кабыл алынат.

Жоомарт Оторбаев инфляция жана экономикалык өсүш тууралуу биринчи маселеге тийиштүү билдирүүдө, Кыргызстандын учурдагы финансылык рыногундагы абалы мурдараак Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен талкууланган. “Биз Улуттук банк менен биргеликте өлкөнүн валюталык рыногунда жүрүп жаткан процесстерге туура жооп кайтаруубуз маанилүү. Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте тыгыз иш алып барууда», — деди Премьер-министр.

КР Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз кезегинде маалымдагандай, Улуттук банк үч айдын ичинде өлкөнүн финансылык рыногун турукташтыруу үстүндө иштөөдө. «Көрсөтүлгөн мезгилде Улуттук банк тараптан 44 валюталык интервенция өткөрүлгөн. Улуттук банк Кыргызстандын валюталык рыногундагы термелүүлөрдү жайгарууга мүмкүндүгү бар», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Координациялык кеңеш жыйынынын күн тартибинин алкагында Улуттук банк жана КР Өкмөтүнүн көмөктөшүүсүндө ишке ашырылып жаткан “Экспортко багытталган өндүрүштү каржылоо” долбоору жөнүндө баяндама угулду. Долбоордун максаты - экспортко багытталган өндүрүштү каржылоо аркылуу өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо болуп эсептелет.

“Экспортту субсидиялоо процессинде, өзгөчө, Евразиялык интеграция шартында биз өлкө экономикасын насыялоо деңгээлин жогорулатып жаткандыгыбыз маанилүү», — деди Өкмөт башчы.

Долбоор талкууланган соң, Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине долбоорду ишке ашыруу жолдорун координациялоону тапшырды.

Ошондой эле Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү Дүйнөлүк банктын “2015-2017-жылдарга карата өнүктүрүү жаатын колдоо максатындагы операциялар” аттуу алгачкы операциясын 2014-жылга карата энергетикадагы программалык долбоорго кайрадан багыттоо маселеси козголуп, ДБ программасына киргизилген долбоорлор тизмеси талкууланып, ошондой эле “Бишкекжылуулуктармак” ААК үчүн инвестициялык планды каржылоо маселеси талкууланды.

[su_carousel source="media: 48076,48075,48074,48073,48072,48071,48070" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

RHӨкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү