05

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш өткөрдү

Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйын учурунда учурдагы тышкы карыздын абалы, ошондой эле Корея экономикалык өнүктүрүүсүнүн кызматташуу фондунун (EDCF) долбоорлору боюнча маселелер талкууланды . Премьер-министр биринчи маселеге тийиштүү билдиргендей, акыркы жылдары мамлекеттик карыздын көлөмү жогорулоодо. «2014-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик тышкы карыздын ИДПга карата катышы 50,9% түзгөн», — деди Жоомарт Оторбаев. Талкуу жыйынтыгы боюнча КР Финансы министрлигине жана КР Экономика министрлигине Координациялык кеңешке эки айлык мөөнөттө дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен тышкы карызды тыкыр талдап чыгууну сунуштоо тапшырмасын берүү чечими кабыл алынган. Корея экономикалык өнүктүрүүсүнүн кызматташуу фонду (EDCF) боюнча долбоорлордун бетачары маселеси боюнча КР Финансы министрлигине жана КР Экономика министрлигине долбоорлор боюнча сунуштарды ыкчам түрдө даярдап, аларды EDCF Фонду боюнча кореялык делегациянын келишине дейре тандоону ишке ашыруусу тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү