21

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев КР ЕАЭБ кошулуусу боюнча иштиктүү кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 21-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев министрлик жана ведомство жетекчилери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна иштиктүү топтун катышуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Жол карталарын даярдоо жана аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө келишим протоколуна кол коюуга чыгуу боюнча техникалык учурлар маселеси талкууланды. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду 24-февралда Москвада өтөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү