13

Декабрь

2014

Премьер-министр Ж. Оторбаев КР Өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча шериктер менен өз-ара аракеттешүү боюнча координациялык кеңештин VII кеңешмесин өткөрдү

Бүгүн, 12-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча шериктер менен өз-ара аракеттешүү боюнча координациялык кеңештин VII кеңешмеси өттү.

Кеңешмени ачууда Жоомарт Оторбаев өнүктүрүү боюнча шериктерге Кыргызстанга мамлекет ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында мыкты тажрыйбаларды киргизүү боюнча финансылык жана техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр мамлекеттик секторду реформалоо маселесине тийиштүү белгилегендей, Өкмөт үчүн келечектүү маселе катары аталган секторду реформалоо болуп саналат. «Биринчи кезекте, бизге өз үйүбүздө тартип орнотуу, маморгандар ишинин натыйжалуулугун жогорулатуучу реформаларды өткөрүү керек», — деди ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, шериктердин колдоосу астында 2013-жылы учурдагы стратегиялардын, Өкмөттүн мамлекеттик секторду реформалоодогу иш-аракет программаларынын жана пландарынын талдоосу жүргүзүлгөн жана реформалоонун негизги багыттары белгиленип, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттар аныкталган.

Саламаттык сактоо секторуна тийиштүү Жоомарт Оторбаев билдиргендей, Кыргызстан — беренелердин чоң бөлүгүн социалдык блокко багыттаган өлкө болуп саналат. «Бюджеттин дээрлик 50 пайызы саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармагына багытталат. Дүйнөлүк банк жана башка өнүктүрүү боюнча шериктер социалдык блокко кеткен бюджет чыгымдарынын көлөмдүүлүгүн сынга алууда, анткени, өнүктүрүү бюджети толугу менен каржыланбай жатат», — деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Ошондой эле Премьер-министр келишимдерди ратификациялоо процедурасы жөнүндө маселеге токтолду. Анын пикиринде, Кыргызстанда келишимдерди жактыруу процедурасы узакка созулат. «Бул бизге бир катар долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга тоскоолдук келтирүүдө», — деди ал.

Андан соң Кеңеш алкагында баяндамалар угулуп, мамлекеттик секторду, саламаттык сактоо жана келишимдерди жактыруу процедурасын реформалоо боюнча маселелер талкууланды.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо министрине донорлор менен жолугушуп, биргелешкен иштин принциптерин жана келечегин аныктоо сунушталды. Мындан тышкары, келишимдерди жактыруу процедурасын регламенттештирүү жана оптимизациялоо үчүн эки иштиктүү топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

[su_carousel source="media: 47475,47476,47477,47478,47472,47471,47470" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү