02
Февраль
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев КР ЕАЭБ кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү
Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында кезектеги сүйлөшүүлөр раундунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын 3-февралда Москвада өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин I жыйынына катышуу үчүн сапарынын алкагындагы ведомство аралык комиссиянын кеңешмеси болуп өттү.
Кеңешме жүрүшүндө өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуусу жөнүндө сүйлөшүү процесси үчүн Кыргыз Республикасынын көз-карашы боюнча маселелер талкууланды.
Талкуу жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү жана тараптарынын – ЕАЭБ катышуучулары менен Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуу маселесин келечекте талкуулоо үчүн Кыргызстандын көз-карашы иштелип чыккан, мындан тышкары, иштиктүү топко аталган көз-карашты эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү улантуу тапшырылган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү