20

Ноябрь

2014

Премьер-министр Ж. Оторбаев: «Мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасын ишке ашыруу ийгиликтүү жүрүүдө»

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Жан-Мишель Хаппи жетекчилик кылган Дүйнөлүк банк миссиясы менен жолугушуу өткөрдү, анда 2017-жылга чейинки мамлекеттик башкаруу секторун реформалоо боюнча Өкмөттүн негизги багыттарын аныктаган Жол картасынын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Жолугушууну ачууда Премьер-министр белгилегендей, Дүйнөлүк Банктын жана башка шериктердин (АӨБ, ЮСАИД, БУУӨП ж.б.) колдоосу менен 2013-жылы мамлекеттик секторду реформалоо жаатындагы Өкмөттүн стратегиясы, программалары жана иш аракеттерине талдоо жүргүзүлүп, реформалоонун негизги багыттары көрсөтүлүп, кыска мөөнөтүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү багыттар аныкталган.

Аталган процесс жарандык коомдун активдүү катышуусу аркылуу өткөн. Кеңири кеңешмелердин натыйжасында 2014-жылдын 20-майында 2017-жылга чейинки мамлекеттик секторду реформалоонун негизги багыттарын аныктаган Өкмөттүн буйругуна кол коюлган.

“Биз үчүн маанилүү эсептелген үч милдеттин бири – мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасын ишке ашыруу үстүндө жигердүү иш жүргүзүп жатабыз. Документте көрсөтүлгөн иш-чаралар жарандык коом, өнүктүрүү боюнча шериктер жана маморгандар арасында колдоолорго ээ болду. Биринчи кезекте, биз өз үйүбүздү тартипке келтирүүбүз керек, маморгандар ишинин натыйжалуулугун жогорулаткан реформаларды өткөрүүбүз зарыл”, — деп белгиледи Премьер-министр.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Жол картасында белгиленген 66 иш-чаранын ичинен 2014-жылдын ноябрь айына карата кыска мөөнөттүү 28 иш-чара толугу менен аткарылып, анда мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик финансыны башкаруу, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы реформалар ишке ашырылган. Жол картасын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин 16 нормативдик-укуктук актылары кабыл алынган (1-тиркеме).

Өкмөт аркылуу ишке ашырылган маанилүү иштердин арасында электрондук порталдын түзүлүшү жана мамлекеттик сатып алууларды электрондук форматка өткөрүү, энергетика тармагындагы көзкарандысыз жөнгө салуучуну жана эсептик борборду түзүү, программалык бюджетти киргизүү, мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча кадамдык чараларды ишке ашыруу аракеттерин көрсөтүүгө болот.

“Калган орто мөөнөттү жана узак мөөнөттүү 38 иш-чараны ишке ашыруу эң мыкты эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен жүргүзүлөт. Алардын арасында фундаменталдык реформаларды белгилөөгө болот, бирок программа жандуу болуусу жана коомдун талабын жана өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кошумчаланып туруусу керек» — деп белгиледи Премьер-министр.

Жоомарт Оторбаев аталган процесс тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле анын программанын айрым пункттарын талкууга жана иштеп чыгууга тартуу маанилүүлүгүнө токтолду. Мисал катары ал “Министр байланышта” маалымат-түшүндүрүү кампаниясын жана маморган жетекчилеринин Иш-аракет жана милдеттенме пландарын келтирди.

Дүйнөлүк банктын мамлекеттик сектор боюнча башкы адиси Яна Куницова республикада жүргүзүлүп жаткан реформалардын жогорку темпин белгилеп, өнүктүрүү боюнча шериктердин Өкмөттүн мамлекеттик секторду реформалоо боюнча ишин, анын катарында Велкобританиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен Жол картасын ишке ашырууну каржылоо боюнча келишимге кол коюусун колдоого алууга карата даярдыгын билдирди.

Ошондой эле жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекеттик секторду реформалоо боюнча бир катар маанилүү мыйзам долбоорлорунун, анын ичинде Бюджеттик Кодекстин, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын, Банк Кодекси жана башка мыйзам долбоорлоорунун тез арада кабыл алынышынын зарылдыгы белгиленди.

2014-жылдын 1-ноябрына карата Мамлекеттик секторду реформалоонун Жол картасынын алкагында кабыл алынган НУА тизмеги

[su_carousel source="media: 46521,46522,46523" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү