14

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Ар бир жетекчинин эң башкы милдети – карапайым адамдын ишенимине ээ болуу»

Бүгүн, 13-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын январь-декабрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары, мындан тышкары, көрсөтүлгөн мезгилдеги республика аймактарынын өнүгүү жыйынтыгы, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин Иш-аракет пландарынын аткарылышы каралды. Премьер-министр республиканын өткөн жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарына тийиштүү белгилегендей, экономиканын төмөндөшү Кыргызстанда гана эмес, жалпы дүйнө жүзүндө белгиленген. «Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын болжолу боюнча, 2015-жылы Казакстандын экономикасы 1,5% өсөөрү, Россиянынкы - 5%, Беларустуку 1,5% төмөндөөрү күтүлүүдө. Андыктан Экономика министрлигине 2015-жылга карата антикризистик программа даярдоо тапшырылган”, — деди ал. Күн тартибинде белгиленген экинчи маселеге тийиштүү Жоомарт Оторбаев билдиргендей, Өкмөт так иштелип чыккан пландардын негизинде иш алып барууда. «Министрлик жана ведомстволордун ар-бир жетекчиси жеке иш-аракет планын түзүп, ал өлкөнүн ар бир жаранына жеткиликтүү болуусу алдыңкы планга коюлган», — деди ал. Өкмөт башчы билдиргендей, конкреттүү пландар боюнча иштөө тажрыйбасы оңдуу натыйжаларды берип баштады. «Дүйнөлүк банктын ыкмасы боюнча өткөрүлгөн акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, калктын Өкмөткө карата ишеним көрсөткүчү 5 эсеге жогорулаган. Ушул эле көрсөткүч 2012-жылы терс эсептелген. Башкача айтканда, коом мамлекеттик бийликке көбүрөөк ишеним билдире баштаган», — деди Жоомарт Оторбаев жана Өкмөт ишинин негизги талабы болуп, элдин ишенимине ээ болуу эсептелээрин кошумчалады. «Биз бул ишти чечкиндүү түрдө улантабыз», — деди ал.   Премьер-министр эскерткендей, иш-аракет, милдеттенмелер планы Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан. «Өткөн жылы ыйгарым укуктуу өкүлдөр алдында 479 тапшырма коюлган, анын 418и аткарылган. Быйылкы жылы алдыда 682 маселени чечүү турат. Ар бир жетекчи өз деңгээлиндеги ишти сапаттуу аткарышы кажет», — деди ал. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Өкмөттүн ишин улантуу жана тереңдетүү үчүн район акимдерине жана айыл өкмөт башчыларына жеке иш-аракет, милдеттенмелер планын түзүп, тапшыруусу боюнча чечим кабыл алынган. «Февралдын соңунда ар-бир аким жеке иш-аракет, милдеттенмелер планын облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшыруусу керек. Ал эми айыл өкмөт башчылары бул ишти үстүбүздөгү жылдын 15-мартына чейин жыйынтыктоосу тийиш. Алардын планы район акимдери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан бекитилет. Ал формасы боюнча губернатор жана министрлердин планына окшош болуусу керек. Өзгөчө көңүлдү пландардын сапатына буруу керек», — деп кошумчалады Өкмөт башчы.   Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт Аппараты жана облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр иш-аракет, милдеттенмелер планын түзүүдө акимдерге жана айыл өкмөттөрүнө методологиялык көмөк көрсөтөт. «Ар бир жетекчинин башкы милдети — катардагы жарандын ишенимине ээ болуу. Биз сиздер менен көрүп жаткан тенденцияны чечкиндүү түрдө чыңдоо керек», — деди Өкмөт башчы. Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, коомчулукка маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жете тургандыгын билдирип, алардын ишине ыраазычылык билдирди. Ал маалымдагандай, жакында «Чексиз репортёрлор» эл аралык уюму 2015-жылга карата “Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк көрсөткүчүн” жарыялаган. «2010-жылдын тарта Кыргызстан 71 позицияга жогору көтөрүлгөн. Башкача айтканда, 159-орундан 88-орунга жылган. Бул Кыргызстандын чоң жетишкендиги, биздин басма сөз эркиндигибиздин, ачыктыгыбыздын таанылышы», — деп жыйынтыктады Премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү