22

Сентябрь

2014

Премьер-министр Ж. Оторбаев: «Мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында мыкты дүйнөлүк тажрыйбага дал келген дагы бир кадам жасалды»

Мамлекеттик кызматкерлер өз чыгымдары боюнча гана эмес, жакын туугандарынын чет өлкөдөгү мүлк сатып алууга кеткен чыгымдары боюнча да отчет берет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 19-сентябрында № 539-Өкмөт токтомуна кол койду, ага ылайык, “Саясый жана башка атайы мамлекеттик кызматтарды ээлеген жактардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешеси, милдеттенмеси жана мүлкү тууралуу маалыматты декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталат.

Аталган Токтомго кол коюусун комментариялоодо , Премьер-министр Ж.Оторбаев мындай деп билдирди: «Мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында мыкты дүйнөлүк тажрыйбага дал келген дагы бир кадам жасалды».

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, эми мамлекеттик кызматкерлер өз декларацияларында өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу гана маалымат бербестен, өзүнүн жана жакын туугандарынын мүлк сатып алууга, анын ичинде, чет өлкөдө кеткен чыгымдары тууралуу да маалыматты берүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге аталган мүлктү сатып алууга кеткен каражат булактары тууралуу түшүндүрмө берүүгө тура келет.

Мындан тышкары, декларация өткөрүүгө милдеткер мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси бир топ кеңейтилген. Эми саясый жана башка атайы мамлекеттик кызматтарды ээлеген жактардан тышкары, административдик мамлекеттик кызмат ээлери, облустук маанидеги шаар кеңеш төрагалары, облустук маанидеги шаар мэрлери жана райондук маанидеги шаар мэрлери да декларация өткөрүүгө милдеттендирилет.

Токтом мамлекеттик бийлик түзүмүндө саясый жана тутумдук коррупцияны жоюу максатында кабыл алынган, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу жолундагы кадамдардын бири катары саналат, анын максаты - мамлекеттик кызмат жаатындагы коррупциянын алдын алуу, Кыргызстандын мамлекеттик бийлик орган кызматтык жактарынын киреше жана чыгашасынын ачык-айкын тутумун түзүү.

Аталган иш-чара Өкмөттүн 2014-жылдын 20-майындагы № 167-р буйругу менен бекитилген мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасын ишке ашыруудагы баскычтардын бири болуп саналат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү