13
Март
Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчтөндүрүү - Өкмөт ишинин келечектүү багыты”
Бүгүн, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандардын натыйжалуу аракеттешүүсү жана консолидациясы: ресурстар, натыйжалуулук, ишеним” эл аралык жыйынына катышты.
Жыйында Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн ишиндеги башкы багыт – калктын ишенимин жогорулатуу болуп саналат. «Биз ага карапайым жарандар менен тыгыз байланыш түзүү аркылуу жетише алабыз. Дал ушул себептүү Өкмөт бийликти борбордон ажыратууга умтулууда, анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары күн сайын жарандар менен тыгыз аракеттешет. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчтөндүрүү Өкмөттүн келечектүү багыттарына кирет», — деди ал.
Өкмөт башчынын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөй катары адамдык мүмкүнчүлүктүн сапатынын жетишсиздиги болуп саналат. «Биз ЖӨБ органдары көтөрө алчу көлөмдөгү бийликти алуусу туурасында сөз кылуудабыз. Бирок ага катар жергиликтүү бийлик орган жетекчилери тийиштүү маалыматка ээ эместиги, айрымдары моралдык жактан төмөнкү деңгээлде экендигине такалуудабыз. Ошондуктан мында адамдык мүмкүнчүлүктүн сапаты маселеси жаралууда», — деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр кошумчалагандай, биринчи кезекте ЖӨБ органдарынын укуктук жана финансылык маселелери абдан маанилүү. “Ар-бир жетекчи мыйзамдуулук, финансылык ишмердүүлүк жактан мол тажрыйбага ээ болуп, мамлекеттик ченемдик документтер туурасында тийиштүү деңгээлде маалымдар болуусу тийиш. Бул абдан чоң амбициялык милдет болуп саналат. Бюджет мамлекеттик бийлик жана ЖӨБ органдарынын гана колунда болуусун түшүндүргөн эки баскычтуу бюджет маселесин демилгелөөдө, биз ЖӨБ жетекчилери өз мүмкүндүгүн билүүсү кажеттигин эске алуу менен тобокелдикке барабыз. Буга байланыштуу биз ЖӨБ орган жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик органдары аркылуу аймактарды башкарууга катышууну каалаган жарандардын мүмкүндүгүн жогорулатуу боюнча иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз», — деди Өкмөт башчы.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин мүмкүндүгүн жогорулатуу үчүн Өкмөт аларды окутууга олуттуу инвестициялоо чечимин кабыл алган. Өкмөт Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте саясый мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген жактарды окутуу боюнча План-график иштелип чыккан. Аталган планды ишке ашыруу алкагында Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу жүрөт.
“Бул программа жергиликтүү өз алдынча башкаруу бардык органдарына тийиштүү. Жана биз аны үзгүлтүксүз түрдө ишке ашырабыз», — деди Жоомарт Оторбаев.
Мындан тышкары, Премьер-министр эскерткендей, Өкмөт пландардын негизинде иш алып барууда. «Премьер-министрден район акимдерине дейре – бардык жетекчилер ар-бир жаранга түшүнүктүү жана жеткиликтүү жазылган иш-планга ээ. Бул пландарда жетекчилердин өз багыттары боюнча милдеттенмелери так жазылган. Ушул айдан тарта пландарды түзүү жана алар боюнча иш алып баруу милдеттери ЖӨБ жетекчилери алдында да коюла баштады. ЖӨБ жетекчилеринин бардык пландары жарыяланат, ар-бир жаран айыл өкмөт жетекчилери кандай иш-аракет аткарып жаткандыгы менен тааныша алат», — деди ал жана пландардын сапаттуу түзүлүшү үчүн айыл өкмөттөрү үчүн атайы окуулар өткөрүлөөрүн кошумчалады.
Жыйынтыгында Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын оптималдаштырууга киришкен жалгыз өлкө катары саналбайт жана бул багытта башка мамлекеттердин бай тажрыйбасын иликтөө абдан маанилүү.
[su_carousel source="media: 51593,51592,51591,51590,51589,51588,51587,51586,51585,51584" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү