Бүгүн, 6-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-17-жылдарга карата Жеке тармакты өнүктүрүү боюнча программасынын бетачарына катышты.
Иш-чара учурунда Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстанда жеке тармакты өнүктүрүү жаатында толук саясый консенсус бар. «Өлкө Президенти, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт өлкөдө жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык абалды түзүү зарылдыгын толук түшүнөт. Бизде кай тарапка багыт алуу керектиги тууралуу талаш-тартыш жок. Кеп экономиканы либералдаштыруу тарабына багыт алуу тууралуу жүрүүдө, мындай шартта ишкер өзүн ыңгайлуу шартта сезет», – деди ал.
Жоомарт Оторбаев эске салгандай, 2015-жылдын 18-мартындагы №129-Токтом аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-17-жылдарга Жеке тармакты өнүктүрүү боюнча программасы бекитилген. «2015-жыл улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыяланган. Бизге алдыга коюлган идея жана принциптерди ишке ашырууда конкреттүү чаралар зарыл. Бүгүнкү программа Өкмөт тараптан бизнес-коомчулуктун катышуусунда жана өнүктүрүү боюнча шериктерибиздин колдоосунда иштелип чыккан. Ал мыкты эл аралык тажрыйбаларды эске алат», – деди ал. Өкмөт башчы ошондой эле эскерткендей, Кыргызстан 2015-жылдын май айында Евразиялык экономикалык бирликке кирет. «Биздин ишкерлер алдында 170 миллион керектөөчүдөн ашкан чоң рынок ачылганы турат, атамекендик компаниялар мындан ары карай атаандаштыкты жогорулатуусу тийиш. Биз өзүбүздө башка өлкөлөрдүн ишкерлери Кыргызстанга инвестициялоочу шарттарды түзүүбүз керек. ЕАЭБде Кыргызстан мыкты инвестициялык абал түзүлгөн орун катары эсептелиши зарыл», – деди Жоомарт Оторбаев.
Жеке сектор үчүн шарттарды түзүү тууралуу билдирүүдө Премьер-министр билдиргендей, “азырынча бүгүнкү күнгө карата мамлекет ишкерлерден бергенге караганда көбүрөөк алууда».
Өкмөт башчы ошондой эле быйылкы жылдагы республиканын экономикасындагы негизги көрсөткүчтөргө да токтолду. «Аймактагы кризиске жана өлкөнүн негизги экономикалык шериктериндеги төмөндөөлөргө карабастан, 2015-жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы реалдуу экономикалык өсүү 7,7% түздү. Салык өткөн жылдагыга салыштырмалуу 10,5% көбүрөөк жыйналган. Натыйжада мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарууда. Мунун бардыгы биздин ишкерлерге жараша аткарылууда. Биз жеке сектор натыйжалуу иш алып барып, анын өнүгүүсү, тийиштүү киреше алуусу үчүн көбүрөөк иштерди жасообуз керек », – деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр эскерткендей, Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинде Кыргызстан реформалар жыйындысын ишке ашырууда бешинчи орунга ээ болгон. «Дүйнөлүк экономикалык форум баалагандай, бизнес-чөйрө ыңгайлуулугу көз-карашынан алып караганда, биз 39 позицияга алга жылдык. Биз реформаларды башкалар сырттан баалаганына жараша баа бере алабыз», – деди ал.
Жоомарт Оторбаев жеке секторду өнүктүрүү боюнча программага токтолууда, ал өзүнө бажы жана соода тармагындагы жөнгө салуулардын жөнөкөйлөтүлүшүн, салыктык башкарууну оптималдаштырууну, эмгек мыйзамын реформалоо, мамлекеттин бизнеске ашепке кийлигишүүсүн кыскартуу, продукция коопсуздугун көзөмөлдөө тутумун, ошондой эле горизонталдык реформаларды тартипке келтирүүнү камсыздайт.
«Программа бир катар айырмалоочу өзгөчөлүктөргө ээ. Анын биринчиси – укук улантуучулук: программада Өкмөт тарабынан мурда аткарылган иштер эске алынат. Ошондой эле биз келечектүү багыттардын чектелген санын аныктадык. Балким, кимдир- бирөө Программада айрым багыттар калтырылып кеткендиги тууралуу айтат. Бирок биз үчүн негизги максат катары Өкмөт 100% аткара ала турган документти кабыл алуу эсептелет. Программага үчүнчү принципиалдуу элемент катары киргизген нерсе – ишке ашыруу үчүн ресурстардын колдо болуусу», – деди ал.
Премьер-министр белгилегендей, Программанын көптөгөн иш-чаралары Өкмөт тарабынан ишке ашырылууда. Тактап айтканда, төмөнкү пункттар ишке ашырылууда:
- ишкерлер үчүн квартал сайынкы салык отчеттуулугуна өтүү;
- экспорт үчүн талап кылынган документтердин кыскартылышы;
- Соцфонддон соцтөлөмдөрдү башкаруу милдетин МСК өткөрүү;
- курулуш компаниялары жана экономиканын башка секторлору үчүн салык келиши мдерин ишке киргизүү;
- электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумун өнүктүрүү;
- лицензия жана уруксаат берүүлөрдүн санын кыскартуу;
- визалык режимди жөнөкөйлөтүү.
Жоомарт Оторбаев өзгөчө көңүлдү Программада белгиленген иш-чараларды аткаруу сапатына буруп жана аны ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча шериктердин жана ишкерлердин өз-ара аракеттешүү зарылдыгын белгиледи.
«Ошондой эле биз парламенттик каникулдун башталышына дейре маанилүү ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын камсыздоо үчүн КР Жогорку Кеңеши менен иш алып барабыз», – деди ал.
Жыйынтыгында Өкмөт башчы жеке секторду өнүктүрүү боюнча программанын тездетилген түрдө ишке ашырылышына ишенимин билдирди. «Биргелешкен аракеттер аркылуу гана биз Программанын 2017-жылга дейре толук жана сапаттуу түрдө ишке ашырылышына жетише алабыз», – деди Жоомарт Оторбаев.
[su_carousel source="media: 52961,52962,52963,52964,52965,52966,52967,52968" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү