29
Январь
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Акыркы кездерде Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы абал турукташты»
Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын жана калктын жылытуу мезгилинен өтүү маселеси боюнча 2014/2015-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын селектордук штабын өткөрдү.
Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, акыркы кездерде республиканын энергетикалык тармактагы абалы турукташты. Декабрдын соңунда өлкөнүн түштүк аймагына газ берүү жандандырылды.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, Кыргызстан тарыхта алгач ирет 2014-жылы Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмүн сактоо үчүн Казакстан жана Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштаган.
Ж.Оторбаев республика боюнча электр энергиясын керектөө көлөмүнө тийиштүү билдиргендей, электр энергиясын 20% үнөмдөө орун алды. «Жалпысынан Кыргызстан боюнча декабрь-январь айы үчүн электр энергиясын суткалык керектөөсү 52-54 млн кВт.с. түздү. Айрымдары билдиргендей, жыл жылуу болгон. Эки жыл мурда ушундай эле аба-ырайы турган, бирок керектөө жогору болгон. Адистер маалымдагандай, керектөөнүн төмөндөөсү энергетиканын натыйжалуу пайдалануудан келип чыгууда. Калк жана бюджеттик уюмдар электр энергиясын үнөмдөп жана энергиянын альтернативдүү булагына өтө баштаган. Ушул жылдын күз-кыш мезгилинде калк көмүрдү 2 эсеге көбүрөөк дайындаган», — деди ал.
Премьер-министр кошумчалагандай, 2014-жылдын апрелинен декабрь айына чейин бардык бөлүштүрүүчү компанияларда электр энергиясын пайдалануу чегинен ашуу орун алган. « Бишкек шаары боюнча чектен ашуу көрсөткүчү көбүрөөк болуп, 46,9 млн кВт.с түздү, Чүй облусу боюнча — 29,2 млн кВт.с, Ош шаары боюнча — 20,1 млн кВт.с, Ысык-Көл облусу боюнча — 10,8 млн кВт.с, Жалал-Абад облусу боюнча — 35,3 млн кВт.с.чектен тышкаркы керектөө орун алган. 2014-жылдын декабрь айы үчүн болгону Талас облусу боюнча - 1,35 млн кВт.с. жана Ош облусу боюнча 6,8 млн кВт.с. гана үнөмдөө орун алган», — деп белгиледи ал.
Өкмөт башчы электр энергиясын жоготууларды кыскартуу боюнча пландын аткарылбагандыгын белгиледи. Анын айтымында, 2014-жыл жыйынтыгы боюнча, бөлүштүрүүчү компаниялар тармагындагы электр энергиясын жоготуулар 16,5% түзгөн. Ал кошумчалагандай, калк тарабынан электр энергиясын пайдалануу көлөмүн эсептөө боюнча туура иш жүргүзүү керек.
Андан соң энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаевдин баяндамасы угулду. Ал маалымдагандай, өлкөнүн 72% калкы 700 кВт.с. дейре электр энергиясын керектөө боюнча деңгээлге чыгууда.
Декабрь айынын жыйынтыгы боюнча маалым болгондой, калктын 28% 700 кВт.с. дейре электр энергиясын керектөө алкагынан тышкары чыгууда. Бүгүнкү күнгө карата күн сайын 6,4 млн кВт.с. импорттук электр энергиясы келүүдө», — деди Кубанычбек Турдубаев.
Ал маалымдагандай, Финансы министрлиги тоолуу райондордун тургундарына 2014-жылдын төртүнчү кварталы үчүн электр энергиясы үчүн компенсацияны төлөөнү кечиктирүүдө.
Республика боюнча көмүр жеткирүү иши планга ылайык жүргүзүлүүдө.
Андан соң каралган маселе боюнча аймактардагы абалды КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош жана Бишкек шаарынын мэрлери маалымдады.
Кеңешме жыйынтыгын чыгарууда Премьер-министр белгилегендей, өзгөчө көңүлдү энергетиканы өнүктүрүүгө буруу керек. Ал Финминге тоолуу райондордун тургундарына электр энергиясы үчүн компенсацияны төлөп берүүнүн кармалышын карап чыгуу тапшырмасын берди. Ал эми КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаевге 2015-2016 –жылкы күз-кыш мезгилине карата «Аврора» жана «Кыргыз деңизи» санаторийлерин альтернативдүү отун түрүнө өткөрүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү