01

Апрель

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев «Мекен шейиттери», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель Байрагы» коомдук бирикме өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ, 31-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев «Мекен шейиттери», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель Байрагы» коомдук бирикме өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууну ачууда Премьер-министр эскерткендей, үстүбүздөгү жылдын 24-мартында март революциясынын 10 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү. «Келерки жумада, 7-апрелде, апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Биз ал иш-чараларды улуттук деңгээлде өткөрөбүз. Кыргызстанда 2005 жана 2010-жылдары орун алган революциялар өлкө тарыхындагы маанилүү окуялардын катарына кирет. Ошондуктан биз өткөндөн сабак алып, аны талдоого алуубуз керек», — деди ал. Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, 2012-жылы “2010-жылдын апрель-июнь айларында орун алган окуялардын натыйжасында каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган, ага ылайык, 2010-жылдын 7-апрель окуяларында каза болгон жана жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүлөт. Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, апрель элдик революциясынын 5-жылдыгына карата бир ирет берилүүчү материалдык көмөк көрсөтүү максатында КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы буйругуна кол коюлган. Документке ылайык, 2010-жылдын апрель-июнь айларында орун алган окуялардын натыйжасында каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле ден-соолугунан зыян алган жарандар республикалык бюджет каражатынын эсебинен бир ирет көрсөтүлүүчү көмөк алышат. Жолугушуунун жүрүшүндө күз-кыш мезгилинен өтүү маселеси, тактап айтканда, апрель окуяларынын натыйжасында каза болгон жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн отун менен камсыздоо маселеси талкууланды. «Мекен шейиттери», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель Байрагы» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү каза болгон жана жабыр тарткандардын көйгөлөрү, анын катарында дары-дармек менен камсыздоо, ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын көлөмүн жогорулатуу, жабыркагандардын балдары үчүн ЖОЖДо окууга бөлүнчү квоталар, ошондой эле санаториялык-курорттук дарылоо маселелерин көтөрдү. Мындан тышкары, апрель окуяларында каза тапкан жана жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрүн жумушка орноштуруу , турак-жай шартын жакшыртуу, тактап айтканда, 7-апрель жабырлануучуларына бөлүнүп берилген көп кабаттуу турак-жайлардагы көйгөйлөрдү чечүү маселелери менен кайрылышты. Жолугушунун катышуучулары апрель революциясынын 5-жылдыгына арналган иш-чаралардын планын талкуулап, тарых окуу китебине 2010-жылы орун алган окуялар тууралуу маалыматтарды камтуу зарылдыгын билдиришти. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, бекитилген иш-чаралар алкагында даректүү тасма, телеканалдарда телеберүүлөр жана ЖМКларда 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя тууралуу байма-бай маалыматтар берилет. Жолугушуунун соңунда Премьер-министр белгилегендей, Мекен шейиттери», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель Байрагы» коомдук бирикме өкүлдөрү тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилет. Тапшырмалардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага жүктөлөт. [su_carousel source="media: 52708,52709,52710" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү