15
Декабрь
Премьер-министр Ж. Оторбаев КЭР Мамкеңеш Премьери Ли Кэцян менен жолугушту
Бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешмесинин алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
«Кыргыз тарап ортодогу достук жана өз-ара түшүнүшүү мамилелери менен сыймыктанат жана ал мамилелерди чыңоого колдон келген аракетин көрүүгө даяр», — деп билдирди Премьер-министр Жоомарт Оторбаев.
Андан соң тараптар «Кыргызстан-Кытай” газ түтүгүн, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун, Кыргызстанда мунайды кайра иштетүү заводун куруу жана Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо боюнча долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы өз кесиптешине аталган долбоорлор республика үчүн тарыхый жана стратегиялык мааниге ээ экендигин маалымдады.
Ошондой эле жолугушуу алкагында белгиленгендей, Кыргызстан жана Кытай аралык стратегиялык шериктештик мамилелерди чыңдоо маселеси боюнча кыргыз тарап Кытай Төрагасынын “Жибек-Жолу экономикалык тилкесин” түзүү боюнча демилгесин колдоого алып, аталган масштабдуу долбоорду ишке ашырууга активдүү катышууга даяр.
“Биз Кыргызстан – Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Афганистан аркылуу байланыштыра турган аймактык мультимодалдуу транспорттук коридор түзүүнү сунуштайбыз», — деди Жоомарт Оторбаев.
“Аталган долбоордун өзгөчөлүгү катары аталган коридор боюнча чыныгы аралыкты жана жүк ташуу убактысын кыскартуу, ошондой эле СУАР жана БА кызматташуусун кеңейтүү жана Кытай жана Европа аралык транзиттик жүк ташууну жогорулатуу эсептелет», — деди ал.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мамкеңеш Премьерине “Кыргызстан түштүгүн электр менен камсыздоону жакшыртуу” жана “Датка” подстанциясын куруу долбоорунун ийгиликтүү жыйынтыкталышына байланыштуу ыраазычылык билдирди.
Маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө маселе боюнча Өкмөт башчы белгилегендей, аталган тармактагы маанилүү түзүүчү катары билим берүү жаатындагы кызматташуу эсептелет.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз-ара кызыгууну туудурган бардык тармактардагы кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
[su_carousel source="media: 47541,47542" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
[video width="720" height="576" mp4="http://www.gov.kg/wp-content/uploads/2014/12/VSTRECHA_OTORBAEV_S_ZAM_PRED_KNR_x264.mp4"][/video]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү