04

Март

2015

Премьер-министр Ж. Оторбаев РФ ФБК жетекчиси А.Бельянинов менен жолугушту

Бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси, Кыргыз-россиялык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын теңтөрагасы Андрей Бельянинов менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык билигине кирүү процессиндеги россиялык тараптын салымын жана колдоосун белгиледи. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 9-майына карата аткарылууга тийиш болгон ЕАЭБ кирүү боюнча амбициялык пландарга ээ. Өз кезегинде Андрей Бельянинов россиялык тараптын Кыргызстандын ЕАЭБ кирүү процессине бардык тараптан колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. “Биз Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кирүү баскычы татыктуу өтүшүн каалайбыз”, - деди ал. “Биздин мамилелерибиздеги негизги оорунда ЕАЭБ интеграциялык биригүү маселеси турат. Биздин милдет Кыргызстан 9-майга карата биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуусуна жетишүү болуп саналат, ал үчүн олуттуу иштер жүрүүдө», — деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы аралык эки тараптуу мамилелердин мүнөзүнө токтолууда, Кыргызстандын кыргыз-россиялык стратегиялык биримдик жана шериктештикти чыңдоого жана күчөтүүгө карата багытынын өзгөрүлбөстүгүн тастыктады. Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси өз кезегинде белгилегендей, Россия интеграциялык биримдиктин бешинчи мүчөсүн чыдамсыздык менен күтүүдө. «Кыргызстандын ЕАЭБ кирүүсүнүн жана бардык процедуралардын жыйынтыкталышынын катаал мөөнөттөрүнө карабастан, менин пикиримде, аны аткаруу колубуздан келет жана биз аны аткара алабыз», — деп кошумчалады Андрей Бельянинов. Инвестицияларды тартуу маселесине тийиштүү РФ ФБК башчысы билдиргендей, инвесторлордун Кыргыз Республикасына карата кызыгуусу бар. «Бактыга жараша, Кыргызстан жагымдуу өлкөгө айланууда, бирок бул бир аз башкача аспектиде орун алууда. Өлкөдө экономикалык өнүгүү байкалууда», — деди ал жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз алдына коюп жаткан милдеттери өз жыйынтыгын берээрине ишеним билдирди. Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар отун-энергетикалык жааттагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Россияда иштеген кыргыз жарандарынын абалы, ошондой эле соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулады.

[su_carousel source="media: 51115,51116,51117,51118,51119,51120,51121,51122,51123,51125,51126" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү