15
Апрель
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүү үчүн 300 миң сом бөлдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүү тууралуу буйрукка кол койду.
Буйрукка ылайык, Нурлан Зарнаев жана Гүлайым Абдылдаеванын көп балалуу үй-бүлөсүнө 300 миң сом өлчөмүндөгү бир ирет берилүүчү материалдык көмөк көрсөтүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү