26
Февраль
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев Өкмөттүн резервдик фондунан III топтогу майып Азатов Тилекке материалдык көмөк көрсөтүү үчүн каражат бөлдү
Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын министри – Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Нурханбек Момуналиев Тилек Азатовго 50 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам тапшырды.
Мындан мурда Тилек Азатовго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан материалдык көмөк көрсөтүү үчүн каражат бөлүү тууралуу тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев тарабынан кол коюлган.
Тилек Азатов 1996-жылы туулган, III топтогу майып , жаштайынан шал оорусу менен жабыркайт. Өспүрүм бала пенсиядагы энеси менен жашайт, атасы жок. Учурда Т.Азатов А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда биринчи курста окуйт.
Материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу чечим үй-бүлөнүн оор материалдык абалын эске алуу менен кабыл алынган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү