02
Апрель
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Д.Медведевге “Ыраакы Чыгыш” траулеринин кырсыкташына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге 2015-жылдын 2-апрелинде Охот деңизинде “Ыраакы Чыгыш” траулеринин адам курмандыктары менен коштолгон кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Төмөндө телеграмманын текстин келтиребиз:
«Урматтуу Дмитрий Анатольевич,
Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Охот деңизинде “Ыраакы Чыгыш” траулеринин адам курмандыктары менен коштолгон кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтам. Биз бул кайгылуу окуяда өз жакындарын жана туугандарын жоготкондордун кайгысын тең бөлүшөбүз. Курман болгондордун жакындарына көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектештигимди билдирем.Терең кайгыруу менен, Жоомарт Оторбаев ».