20
Декабрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Билим берүү жана илимсиз мамлекеттин келечеги болбойт»
Бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрликке жаңыдан дайындалган министр Эльвира Сариеваны тааныштырды.
Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына ведомствонун жаңыдан дайындалган жетекчисин тааныштырууда Жоомарт Оторбаев билдиргендей, Эльвира Сариева билим берүү жана илим министрлигинин тутуму менен эң жакшы тааныш.
«Вице-премьер-министр кызматын аткарууда Эльвира Сариева социалдык блокту көзөмөлдөп, өз ишинде жакшы натыйжаларга ээ болду. Билим берүү жана илим тутумунда реформаларды жүргүзүү үчүн анын жетиштүү билими жана тажрыйбасы бар. Менин ишенимимде, ал алдыга коюлган милдетти аркалай алат”— деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчынын айтымында, билим берүү жана илим тутуму өлкө үчүн келечектүү тармак болуп саналат. «Биз бюджеттик каражаттын 50% ашуунун социалдык блокту өнүктүрүүгө багыттайбыз. Бардык блоктун арасынан дал ушул билим берүү жана илим тутуму алдыңкы орунда турат», — деди ал.
Премьер-министр маалымдагандай, учурда Кыргыз Республикасында 2207 мектеп жана 55 жогорку окуу жайы бар. «Кыргызстанда орто окуу жайда 47500 мугалим жана 14 миңге жакын ЖОЖ окутуучулары эмгектенет. Өлкөнүн мектептеринде - 1 млн ашуун окуучу, ал эми ЖОЖдордо223 миңден ашуун студент окуйт. Мугалимдер – кыргыз коомунун каймагы болуп саналат, алар биздин балдардын келечегине жооп берет. Билимсиз мамлекеттин келечеги жок. Ошондуктан биз бул тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруубуз керек», — деди ал.
Ошондуктан Жоомарт Оторбаев өлкөнүн илимий тармагынын абалына токтолду. Анын пикиринде, аталган тармакты реформалоого, анын катарында аны каржылоо тутумун карап чыгууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эльвира Сариевага жаңы кызматтагы ийгиликтерди, ал эми министрликтин жалпы жамаатына милдеттерин татыктуу аткарууну каалады.
[su_carousel source="media: 47930,47931,47932,47933,47935" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү