30

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Өкмөт өлкөдө “Ачык асман” режиминин киргизилишин колдоого алат»

Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү маселеси боюнча тийиштүү министрлик жана ведомстволор менен жыйын өткөрдү.

Жыйын жүрүшүндө “ачык асман” режимин киргизүү, атамекендик авиаташуучуларды Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу, «Манас» аэропортунун базасындагы авиациялык хабды түзүүгө байланыштуу түзүлгөн абал, авиакомпаниялар тараптан ички жүргүнчүлөрдү сапаттуу ташууну камсыздоо маселелери каралды.

“Учуулардын коопсуздугу – бул жалпыбыздын биринчи кезектеги милдетибиз. Биз эң ириде, жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгын коргообуз керек, анын ичинде учуулардын географиясын кеңейтүү жана авиабилеттерге болгон бааны төмөндөтүү мүмкүндүгү да эске алынуусу абзел”, - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын рыногуна жаңы чет элдик авиакомпаниялардын тартылышы авиакомпаниялар аралык атаандаштыктын жогорулашына шарт түзүп, ички жана эл аралык учуулардын наркын бир топ төмөндөтүлүшүнө алып келди.

Жыйын соңунда Ж. Оторбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тез арада Кыргыз Республикасында “Ачык асман” саясатын киргизүү боюнча нормативдик-укуктук базаны түзүү боюнча Өкмөт чечимин даярдоо тапшырмасын берди. Ошондой эле Транспорт министрлиги Экономика жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын жарандык авиаташуулар жаатындагы негизги шериктери менен “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу боюнча эки жана көп тараптуу келишимдерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тапшырылды.

Премьер-министр мындан тышкары, октябрдын соңуна дейре Кыргыз Республикасындагы аймактык аэропортторду реконструкциялоо жана авиахабдарды түзүү боюнча кызыкдар компаниялардын инвестициялык сунуштарын кароо жана тандоо боюнча ачык инвестициялык угууларды уюштурууну тапшырды.

[su_carousel source="media: 42982,42986,42985,42984,42983" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү