16

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Социалдык фонд жана пенсиялык тутумдагы реформаларды алга жылдыруу боюнча тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Экономика министрлигинин, Социалдык фонд жана Мамлекеттик салык инспекция жетекчилеринин катышуусунда Социалдык фонд жана пенсиялык тутумду реформалоо боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.

Жыйын катышуучулары пенсиялык тутумду реформалоо боюнча негизги кадамдарды талкуулап, Социалдык фондго трансферлер боюнча бюджетке келип жаткан жүктүн өсүүсүн белгиледи, алар мамлекеттик бюджеттин туруктуулугуна терс таасирин тийгизүүдө. Тактап айтканда, 2015-жылы пенсияларды төлөп берүү үчүн бюджеттен дотациялар 15 млрд сомдон 17,5 млрд сомго дейре өсөт. Буга байланыштуу Премьер-министр бюджетке келтирилчү жүктү төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун кароого киргизүүнү тапшырды.

Андан соң Өкмөт башчы социалдык төлөмдөрдүн начар чогултулуп жаткандыгын белгиледи. “Бүгүнкү күндө Социалдык фонд камсыздоо төлөмдөрүн чогултуу милдетин аткара албай жатат. Фонддун камсыздоо төлөмдөрүн чогултууну натыйжалуу башкаруу үчүн ыйгарым укугу жан рычагдары жетишсиз болууда. Эксперттердин баамында, учурда айлык акы көлөмүнүн 52% “конверт аркылуу” төлөнүүдө. Ошондуктан 2014-жылдын май айында Өкмөт социалдык төлөмдөрдү чогултуу милдетин Соцфонддон салык органдарына өткөрүп берүү чечимин кабыл алган – тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыккан. Натыйжада, биз бирин-бири кайталоодон качып жана чогултууларды башкарууну күчтөндүрөбүз», — деди Жоомарт Оторбаев.

Жыйын жүрүшүндө белгилегендей, МСК жана Соцфонддо катталган субьектилердин саны боюнча бир топ айырмачылык байкалган, ал 20% дейре жетет. Анын себеби катары ведомство аралык координациянын жана маалымат алмашуунун жоктугу эсептелет. Премьер-министр МСК жана Соцфондго Бишкек шаарынын Октябрь районунда жана Сокулук районунда соцтөлөм жана жеке ишкерлер, айыл чарба субьектилери үчүн салыкты чогултуу боюнча “бирдиктүү терезе” пилоттук долбоорун ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы кичи жана орто бизнес субьектилери үчүн социалдык төлөм ставкаларын кыскартуунун маанилүү экендигин белгиледи. Премьер-министр Соцфондго бизнес-ассоциациялар менен бирдикте иликтөө жүргүзүүнү тапшырды, анын негизинде кичи жана орто бизнес субьектилеринин кызматкерлеринин айлык акысын көмүскөдөн чыгаруу үчүн камсыздоо төлөмүнүн коюмун кыскартуу мүмкүндүгү тууралуу сунуш даярдоону тапшырды.

Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев ведомстволорго демилгеленип жаткан реформаларды эске алуу менен Пенсиялык тутумду өнүктүрүү концепциясын соңуна чыгарып, 2014-жылдын ноябрь айында Өкмөт жыйынына киргизүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 41761,41762,41763,41764" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү