31
Октябрь
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Россияга карата киргизилген экономикалык санкциялар Кыргызстан экономикасына да таасирин тийгизди»
Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө 2014-жылдын январь-сентябрь айы үчүн республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Жоомарт Оторбаев Өкмөт жыйынын ачууда өлкө экономикасынын дүйнөлүк экономикалык абалдан көзкаранды экендигин көрсөттү.
“Биз тышкы факторлордон көзкарандыбыз. Россияга карата киргизилген экономикалык санкциялар Кыргызстан экономикасына да таасирин тийгизди. Биз аны азыртадан сезе баштадык. Тактап айтканда, сомдун девальвациясы жүрүүдө, акыркы кезде ал долларга карата 12% төмөндөгөн. Ошол эле учурда россиялык рубль 29% төмөндөгөн. Натыйжада, күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) карата баанын өсүүсү байкалууда. Бул факторлорду эске алуу менен биз жагымсыз көрүнүштөргө туруктуу болуп, алгылыктуу чараларды кабыл алуубуз зарыл», — деп билдирди Өкмөт башчы.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын январь-сентябрь айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын КР экономика министри Темир Сариев маалымдады.
“2014-жылдын январь-сентябрь айында ИДП номиналдык көлөмү, алдын ала баалоолор боюнча, 266,6 млрд сом өлчөмүндө орун алып, 3,0 % өскөн жана 2013-жылдын көрсөтүлгөн мезгилинде ал көрсөткүч 8,9 % барабар болгон. “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын реалдуу өсүшү 102,7 % түзүп, 2013-жылдын көрсөтүлгөн мезгилинде бул көрсөткүч 105,8 % түзгөн. ИДП өсүү темпинин төмөндөшү агрардык продукциянын - 2,2 %га, көрсөтүлүп жаткан тейлөө көлөмүнүн 2,7 % (өткөн жылкы көрсөткүч 5,4%) кыскарышы менен шартталган», — деп билдирди баяндамачы.
Экономика министринин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына карата эл аралык резерв көлөмү 2123,0 млн АКШ долларын түзүп, 2014-жылдан тарта 87,6 млн АКШ долларга, же 4,0 % кыскарган.
“2014-жылдын январь-сентябрь айында өнөр-жай ишканалары тарабынан 100,8 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн, мында 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмү реалдуу түрдө 5,1 % өсүп, же реалдуу өсүү 3,2 % түзгөн, Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, 63,6 млрд сомду түзүп, же реалдуу өсүш 3,2 % түздү», — деди Темир Сариев.
Андан соң экономика министри Темир Сариев экономикадагы жалпы абалга токтолуп, инвестициялар көлөмүнүн кыскарып жаткандыгын белгиледи, анын кедергиси жалпы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тийүүдө.
Кыргыз Республикасынын экономика министринин баяндамасынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү экономикалык абалды стимулдаштыруу боюнча иш-чараларды жандандыруу чечимин кабыл алды.
[su_carousel source="media: 44817,44818,44819,44820,44821" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү