03
Октябрь
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «ИИМ башкы милдети – калктын милицияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга багытталган ички иштер органын реформалоо болуп саналат”
Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жеке курамына Кыргыз Республикасынын жаңы ички иштер министри Мелис Турганбаевди тааныштырды.
Жоомарт Оторбаев Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырууда билдиргендей, милициянын ар-бир кызматкери Мелис Турганбаевдин кызматтык ишмердүүлүгүн жакшы билет.
“Ал ички иштер органынын бардык кызматтык тепкичинен басып өткөн. Ал ички иштер органынын бардык көйгөйүн жана андагы иштин өзгөчөлүгүн жакындан билет. Менин ишенимимде, анын иштеги бай тажрыйбасы, ишенилип берилген багыттагы сабаттуу уюштуруучулук жөндөмү Ички иштер министрлиги алдында турган олуттуу маселелерди чечүүдө өз көмөгүн көрсөтөт”, — деди ал.
Премьер-министрдин айтымында, ИИМ башкы милдети – калктын милицияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга багытталган ички иштер органын реформалоо болуп саналат.
“Мындай реформаны ишке ашыруу үчүн ИИМ жана калк ортосундагы конструктивдүү баарлашууну орнотуу зарыл. Коом жана милиция ортосундагы шериктештик мамилелер уюштурулушу керек. Жарандык коом тараптан милиция ишмердүүлүгүн баалоо негизги критерийге айланган ыкманы киргизүү зарыл. ИИМ алдында турган башка маанилүү милдет болуп, милиция катарынан кокусунан кирген адамдарды тазалоо эсептелет. Биз ачык болуубуз керек, министрлик тутумунда кызматка дайындоолор адилеттүү жүргүзүлүшү керек», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өз сөзүндө Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзгөчө көңүлдү жер-жерлердеги милициянын кадрдык курамын сапаттуу уюштуруу зарылдыгына буруу керектигине басым жасады.
“Ички иштер органынын ар- бир кызматкери Мыйзамга, адамга кызмат кылууга умтулуусу тийиш. Жарандар менен иш алып барууну түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Сиздердин иш натыйжалуу болуусу тийиш. Эл муну сезүүсү керек», — деди Өкмөт башчы.
Ошондой эле Жоомарт Оторбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү абалына токтолду, ал коомчулук үчүн актуалдуу жана көйгөйлүү маселе экендигин билдирди.
«Кармалган УКТ мүчөлөрүнүн саны дээрлик эки эсеге жогорулагандыгы тууралуу берилген цифраларга карабастан, тилекке каршы, ички иштер органдары тарабынан жетишилген натыйжалар дале максатына жете элек. Кетирилген кемчиликтерге байланыштуу иштер алга жылба жатат. Буга байланыштуу “Уюшкан кылмыштуулукка каршы туруу жөнүндө” Мыйзам нормаларынан келип чыккан нормативдик-укуктук базаны уюштурууну тездетүү зарыл», — деди Премьер-министр.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Мелис Турганбаевге жаңы кызматтагы ийгиликтерди, ал эми ички иштер органынын жалпы жеке курамына коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин татыктуу аткарууну каалады.
[su_carousel source="media: 43227,43228,43229,43230,43231" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү