10

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Катар мамлекетинин жаштар жана спорт министри биргелешкен долбоорлорду иштеп баштоо тууралуу макулдашты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Биринчи “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна” катышуу максатында келген Катар мамлекетинин жаштар жана спорт министри Салах бин Ганим Аль-Али менен жолугушту.

Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев Салах бин Ганим Аль-Алиге иш-чарага катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган иш-чаранын дүйнөлүк көчмөн элдер үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Андан соң Өкмөт башчы билдиргендей, 2012-жылдын октябрь айындагы Бишкектеги Катар мамлекетинин элчилигинин ачылышы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү түрткү болот.

Жоомарт Оторбаев өлкөлөр аралык соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүнө карай ишенимин билдирип, туризм, айыл чарба, билим берүү, тоо-кен өнөр жайы, жаштар саясаты, авиаташуу жана жарандык авиация тармагындагы чоң мүмкүндүктөргө басым жасалышы тийиштигин билдирди.

Өз кезегинде Салах бин Ганим Аль-Али эл аралык маданий-гуманитардык кызматташуу жана достукту чыңдоо жаатында “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун” өткөрүү маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал катар тараптын соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө болгон ниетин тастыктады.

Жолугушуу соңунда тараптар биргелешкен долбоорлордун күн тартибин иштеп чыгууну баштоо тууралуу макулдашты.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү