02

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана ЕЭК коллегия төрагасы Виктор Христенко өлкөнү Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык бирликке интеграциялоо маселесин талкуулады

Россия Федерациясынын Москва шаарында иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан Өкмөтүнүн башчысы билдиргендей, “Жол картасын” бекитүү мезгилинен тарта Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу маселеси боюнча Иштиктүү топтун үч жыйыны өткөрүлгөн.

“Иштин көп бөлүгү аткарылган, бирок алдыда дагы көптөгөн иштер турат. Тактап айтканда, Өкмөт тараптан улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык бирликтин келишимдик укуктук базасынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөн», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Виктор Христенко билдиргендей, ЕЭК коллегиясы кыргыз коллегалары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык бирликке кошулуусу боюнча “Жол картасын” ишке ашырууга тийиштүү маселелерди тез арада чечүүгө аракеттенүүдө.

Андан соң Жоомарт Оторбаев жана Виктор Христенко Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык бирликке кошулуусу боюнча бир катар аспектилерди талкуулады.

Тактап айтканда, тараптар ЕЭК жана КР Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимди алга жылдыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттерге тыкыр токтолду.

Ошондой эле сөз бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө Кыргыз Республикасы үчүн үлүшкө ажыратууну аныктоо механизмдери, мамлекеттик чекара аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдүн статистикалык эсебинин статистикасы, өткөрүү пункттардын ишин уюштуруу жана жабдуу, мамлекеттик чекараларды чыңдоо боюнча иш-чаралар жөнүндө жүрдү.

[su_carousel source="media: 46888,46889,46890,46891,46892,46893" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү