01
Декабрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Россия Федерациясынын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко эки тараптуу кызматташуу абалын жана келечегин талкуулады
Бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Москва шаарында иштиктүү сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия Федерациясынын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.
Жолугушуунун башталышында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Россия менен эки тараптуу кызматташуу жаатындагы негизги милдеттер катары жигердүү саясый баарлашууну өнүктүрүү жана улантуу үчүн шарттарды түзүү, эки тараптуу кызматташуу институттарын жана механизмдерин жакшыртуу, эки өлкө жетекчилиги ортосундагы түзүлгөн ишенимдүү мамилелерди колдоого алуу болуп саналат.
«Эки өлкө ортосундагы мамилелер ырааттуу түрдө өнүгүүдө. Россия өткөн жылы товар жүгүртүү көлөмү боюнча алдыңкы орунда туруп, Кыргызстан үчүн негизги соода шериги болуп саналат. Бирок буга карабастан, биз соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу көлөмүн өнүктүрүүбүз зарыл. Кыргызстан жана Россиянын административдик-аймактык түзүлүштөрү аралык түз соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүндүгү да келечектүү болуп саналат», — деди ал.
Өз кезегинде Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык бирлигине кирүүсү боюнча умтулууларын жана күч-аракетин колдоого алаарын билдирди.
«Россия Федерациясы жана Кыргызстан аралык мамилелер — бул олуттуу, өз-ара пайдалуу жана ал узак мезгилге эсептелет. Биз бардык багыттар боюнча өз-ара аракеттешүүнү, анын ичинде, интеграциялык бирлик өлкөлөрүнүн мыйзамдык базасын ыраатташтыруу максатында парламент аралык кызматташууну өнүктүрүүбүз зарыл», — деп билдирди Россия Федерациясынын кеңешинин спикери.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Россиялык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн жана мурдагы макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
[su_carousel source="media: 46819,46820,46821,46822" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү