03

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Башкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов кызматташуу маселесин талкуулады

Бүгүн, 3-декабрда, Уфа шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Башкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, көп тармактуу кыргыз-россиялык соода-экономикалык кызматташуусу, белгилүү деңгээлде аймактык байланыштар менен аныкталат.

“Эки тараптуу соода жүгүртүүнүн 80% дейре эки өлкө аймак шериктеринин операцияларына туура келет. Кыргызстан жана Башкортостан ортосунда айыл чарба, өнөр-жай, туризм жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүндүктөр бар. Эки аймак аралык соода жүгүртүү көрсөткүчү алга өсүү динамикасына ээ болууда. Алсак, 2013-жыл жыйынтыгы боюнча Башкортостан жана Кыргызстан ортосундагы товар жүгүртүү 224 млн 182,1 миң АКШ долларын түзгөн», — деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасы жана Башкортостан Республикасы аралык кызматташууну активдештирүү боюнча Иш-аракеттердин конкреттүү планын түзүүнү сунуштады.

Жолугушуу учурунда тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын катарында Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди ташуу, КР Россияга жер-жемиш жана башка айыл чарба продукциясын ташуу жана маданият жана билим берүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, 2015-жылдын март айында Кыргызстанда Башкортостан Республикасынын маданият күндөрүн уюштуруу боюнча келишимге кол коюлду.

Белгилесек, Башкортостан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Жоомарт Оторбаев жергиликтүү ишкер чөйрө өкүлдөрү, республиканын алдыңкы ЖОЖ ректорлору менен жолугушуп, «Алексеевский» совхозуна барып, анда айыл чарбасын иштетүүнүн алдыңкы технологиялары менен таанышты.

[su_carousel source="media: 46952,46957,46956,46955,46954,46953,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46975,46974,46976,46973" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү