19

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана министрлик жетекчилери экспортко багытталган өндүрүштү кошумча каржылоо маселесин талкуулады

Бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев экспортко багытталган өндүрүштү кошумча каржылоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, экспортко багытталган өндүрүштү каржылоо маселеси учурда финансылык рыноктогу абалга байланыштуу өзгөчө актуалдуу саналат.

Премьер-министр эскерткендей, талаптарды иштеп чыгуу, ишканаларды тандоо жана субсидиялоо булактары боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген. «Өз ишканаларыбызды насыялоо керек, ага өлкөнүн Улуттук банкынын ресурстарын тартуу керек. Биз жаңы ишканалардын тышкы рынокко чыгуусу үчүн шарттарды түзүүбүз жана иштеп жаткандарына колдоо көрсөтүүбүз керек», — деп эсептейт Жоомарт Оторбаев.

Экономика министри Темир Сариев өз кезегинде Кыргызстандагы экспортту өнүктүрүү концепциясы тууралуу маселени козгоду. Анын пикиринде, өлкөдөгү экспортту өнүктүрүү үчүн эки нерсенин болушу зарыл: ишкерлердин өндүрүштү киргизүүгө жана кеңейтүүгө жүгүртүү каражаты болуусу керек, ошондой эле кошумча нарк салыгын төлөөгө чыгымдалган каражаттын тез кайтарымы болуусу керек.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынында экспортко багытталган өндүрүштү кошумча каржылоо маселесин кароо чечими кабыл алынды.

[su_carousel source="media: 47796,47797,47798,47799" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү