03
Декабрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Россиянын Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин диний саясат жана тарбия маселесин талкуулады
Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россиянын борбордук мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасы, Россия Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев маектешине өлкөдө жакын арада Кыргыз республикасынын 2014-2020-жылдарга карата Диний тармактагы мамлекеттик саясат концепциясы кабыл алынгандыгын маалымдады.
“Концепцияда дин кармануу жана ыйман эркиндигин камсыздоо, башка жарандардын укугунун жана эркиндигинин бузулуусуна, динди саясатташтыруунун алдын алуу үчүн диний уюмдар ишкердүүлүгүнүн чегин белгилөө, диний негиздеги экстремисттик ишмердүүлүккө жол бербөө жана диний билим деңгээлин жогорулатуу маселелерине көңүл бурулган», — деп белгиледи Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчиси.
Өз кезегинде Талгат Таджуддин өлкөлөр ортосундагы маданий-рухий жана гуманитардык кызматташтык деңгээлдеги байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Заманбап шартта жалпы адамзаттык баалуулуктарды жана моралдык-этикалык нормалардын сакталышы абдан актуалдуу мүнөзгө ээ болууда. Мында диндин ролу башкы орунда туруусу керек. Биз жаштарды сабырдуулукка, эмгекчилдикке, башкаларга күйүмдүү болууга тарбиялообуз зарыл», — деди Россиянын Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин.
Өкмөт башчы Россиянын борбордук мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасына диний жааттагы тийиштүү мамлекеттик ведомстволор ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашууну жөнгө салуу жана Россия жана Кыргызстандын диний башкармалыктары аралык өз-ара аракеттешүүнү жандандыруу сунушун кийриди.
“Россия жана Кыргызстандын бир тууган элдери ортосундагы маданий жана коомдук байланыштарды чыңдоо максатында иш-аракеттерди бириктирүү жана эл аралык ислам баарлашуусу, жарандык ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоо, экстремизм жана радикализмдин алдын алуу, жаштарды агартуу жана тарбия иштерин жүргүзүү жаатында өз-ара аракеттешүүнү чыңдоо зарыл», – деди Жоомарт Оторбаев.
[su_carousel source="media: 46947,46948,46949" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү