25
Ноябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Биз коррупция менен күрөшүүнү чечкиндүү түрдө улантабыз”
Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев маморгандар тарабынан тутумдук коррупцияны жоюу боюнча кадамдык Иш-чараларды ишке ашыруу процесси боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Кеңешмеге Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамкызматтын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин, Энергетика министрлигинин, Финмин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамкаттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле Коргоо кеңешинин катчылык өкүлдөрү катышты.
Жыйын башталышында Премьер-министр белгилегендей, коррупцияга каршы күрөш КР Өкмөтүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп саналат.
“Биз өлкөдөгү коррупция деңгээлин кыскартууда реалдуу натыйжаларга жетишүүбүз керек. Учурда тутумду өзгөрүүлөр байкалбай жатат, анткени коррупцияга каршы күрөш планын аткаруу кагаз жүзүндө гана аткарылууда. Коррупцияга каршы күрөш формалдуу мүнөзгө ээ болбошу шарт”, — деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Өкмөт башчы белгилегендей, учурда министрлик жана ведомство жетекчилеринин 2014-жыл үчүн Иш-аракет пландарынын аткарылышын талдоого алуу жүрүүдө жана 2015-жылга карата иш-чаралар иштелип чыгууда.
“ Министрлик жана ведомство ишин талдоого алуу корупцияга каршы күрөш кандай деңгээлде жүргөндүгүн көрсөтөт. Биз маморгнадар ишин баалоонун үч критерийин: өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жана сапаты, эл аралык рейтингдеги позициялар, ошондой эле калктын министрлик жана ведомство ишине карата ишеним деңгээлин өлчөөнү аныктадык. Келерки жылга карата биз катардагы жаранга түшүнүктүү деңгээлдеги мындан дагы амбициялуу пландарды иштеп чыгуубуз керек. Вице-премьер-министрлерге көзөмөлдөөчү маморгандардын пландарынын аткарылышы жана 2015-жылга карата пландарды иштеп чыгуусу боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлөт. Пландарды даярдоодо бардык иш-чаралар финансылык жана адамдык ресурстар менен бекитилүүсү эске алынышы керек”, — деди Жоомарт Оторбаев.
Жыйын алкагында тутумдук коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча отчеттору менен министрлик жана ведомство жетекчилери баяндама жасашты.
КР ИИМ Жол-кайгуул кызматынын начальниги Сергей Дьяченко өз отчетунда белгилегендей, тутумда 6 коррупциялык схема орун алган, учурда алар тыкыр иликтенип чыккан. Сергей Дьяченконун айтымында, ИИМ ЖКК планды графикке ылайык аткарууда. Алсак, нормативдик-укуктук актылар иштелип чыгып, кабыл алынган, маморган түзүмүнө жана иштөө ыкмаларына өзгөртүүлөр киргизилген, өз кезегинде бул коррупция деңгээлинин кыскарышына таасир берет.
Жол-кайгуул кызматынын начальнигинин баяндамасын уккан соң, Премьер-министр ага кеңешмеге карата жетишсиз дайындангандыгы үчүн эскертүү берди.
“ИИМ ЖКК калктын кызматка карата ишенимин кайтаруу боюнча олуттуу чараларды көрүүсү тийиш. Тутумдуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мисалга, бардык кызматкерлерди пост-терминалдар менен камсыздоо иш-чарасын өткөрүү, жол кыймылын бузуучуларга айыппул салууда накталай эмес эсептешүүнү 100 % камсыздоого жетишүү керек”, — деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик директору Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасады. Ал белгилегендей, учурда агенттик тараптан эки план: КР Өкмөтүнүн жана Коргоо кеңешинин тутумдук коррупцияны жоюу боюнча планы ишке ашырылууда. Дуйшөнбек Зилалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө пландар 81 % жана 67 % аткарылган.“Биздин ведомстводо 13 коррупциялык схема аныкталган. Негизинен алар жабык эсептелген лицензиялоо процессине байланыштуу. Биз аны ачык түргө өткөрүп, оюн шарттарын ачыктадык. Тактап айтсак, учурда лицензиялоо боюнча бардык жыйындар ЖМК катышуусунда өтөт, атайы жабдылган залда биз жыйынды он-лайн трансляциясын тартуулайбыз. Ошондой эле биз аукциондорду өткөрө баштадык. Учурда 14 аукцион өткөрүлүп, дагы алтоо калды. Кендердин интерактивдүү картасы түзүлдү. Жер казнасы жөнүндө мыйзам боюнча экинчи пакет иштелип чыкты”, — деди Дуйшөнбек Зилалиев.
Дуйшөнбек Зилалиевдин баяндамасына пикирин билдирүүдө Премьер-министр Мамгеология жергиликтүү коомчулук менен ачык-айкын иш жүргүзүп, укук коргоо органдары өз кезегинде чагымчылдыкка ыкчам жооп кайтарып, башаламандык булактарын жоюусу керектигин билдирди.
Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев өз баяндамасында белгилегендей, кадамдык аракеттер планында 35 иш-чара каралган. Коррупциялык таасир берүүчү негизги алты аймак бөлүнүп, алар мамлекеттик сатып алуулар, техникалык тейлөө, электр энергиясын бөлүштүрүү жана экспорттоо, тарифтик саясат жана кадрдык курамды уюштуруу тутумунда да байкалган.
Баяндаманы уккан соң, Премьер-министр министрге 2015-жылга карата Иш-аракеттер планын такташтырууну, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшкө басым жасоо менен аткарылган иштердин анализин сунуштоону тапшырды.
КР билим берүү жана илим министри Канат Садыков өз отчетунда белгилегендей, планда 150 иш-чара каралган жана ал 43 % аткарылган. Негизги иш-чаралар лицензиялоонун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ЖОЖдорду аккредитациялоону киргизүүгө, экзамендик сессия учурундагы коррупцияны жоюуга багытталган.
КР саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өз баяндамасында аптекалык бизнестин айкындуулугун жогорулатуу, дары-дармек каражаттарынын улуттук базасын түзүү боюнча пландарын баяндады.
Жыйындын соңунда Жоомарт Оторбаев тутумдуу коррупцияны жоюу боюнча кадамдык Иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөөнүн мониторингдик тутумун түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Алсак, Премьер-министр деңгээлинде квартал сайын, ал эми ай сайын көзөмөлдөөчү вице-премьер-министрлер деңгээлинде отчеттуулукту уюштуруу сунушталды.
Пландар боюнча отчетко жана алардын аткарылышына карата бирдиктүү мамилени , ошондой эле аларды баалоо индикаторун иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү.
Ошондой эле коррупцияны жоюу боюнча пландарды аткарууда маморгнадардын ведомство аралык өз-ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 46281,46282,46283,46284,46285,46286,46287" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү