16
Сентябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Биз Маммүлктү башкаруу боюнча фонду жаңы улуттук долбоорлорду жана мамлекеттик корпорацияларды өнүктүрүп, активдүү инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн
Бүгүн, 16-сентябрда, Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жаңы төрагасы Дүйшөн Ирсалиевди кабыл алды.
Жолугушууну ачууда Өкмөт башчы белгилегендей, бир нече ай бою анын тапшырмасы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагын түп тамырынан реформалоо боюнча иш жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, Өкмөткө мамлекеттик менчикти башкаруу тутумун реформалоо боюнча концепциянын жаңы долбоору даярдалып, киргизилген. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуну реформалоо боюнча сунуш киргизилген.
“Биз башкаруунун ачыктыгына, кызматка адискөйлөрдүн дайындалышына, так отчеттуулукка жана жоопкерчиликтүүлүккө, мүлктү жана мамлекеттик корпорацияларды башкаруу натыйжалуулугун адекваттуу баалоону киргизүүгө жетишүүнү каалайбыз. Азырынча биз мамлекеттик корпорацияны башкаруудагы жамааттык жоопкерсиздикти, активдерди пайдаланууну билбестикти жана компаниялардын киреше жана чыгашасын пландаштыруунун орун албай жаткандыгын байкоодобуз», — деп белгиледи Премьер-министр.
Даярдалган реформалоодогу маанилүү орун Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун өзүнүн ишин түп тамырынан кайрадан уюштурууга берилген.
Премьер-министр белгилегендей, Фонд өз ишинде жаңы бизнес-принциптерди пайдаланышы жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөөсү керек.
“Фонд финансылык ресурстарды чогултуп жана кайрадан бөлүштүрүүсү, мамлекет үчүн активдерди түзүп жана туура пайдаланышы кажет. Мамлекеттик ишканалардын директорлор кеңеши өз миссиясын жана жүргүзүлүп жаткан саясатты, ошондой эле анын киреше алууга багытталгандыгын так түшүнүүсү зарыл. Алар бир айда бир ирет айлык акысы үчүн гана келип-кетпестен, ишканалардын ишин талдоого жана көзөмөлгө алуусу керек. Эгерде ал кадрлар мамлекет үчүн иштей албаса, алардан арылып, жаңы, алга умтулган адамдарды алып келүү керек. Биз Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду жаңы улуттук долбоорлорду жана мамлекеттик корпорацияларды өнүктүрүп, активдүү инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн көргүбүз келет», — деп улантты Жоомарт Оторбаев.
«Сиздердин милдет - реформаны ишке ашыруу. Биз Концепция жана биринчи кезектеги токтом долбоорлору иретиндеги жакшы негизди даярдадык. Фондго жаңы, адискөй кадрларды алып келүү зарыл, корпоративдик башкаруу тармагындагы билими бар күчтүү менеджерлер командасы керек. Алдыда аз гана убакыт бар. Фондду реформалоо боюнча сунушталган Концепцияда кызыктуу сунуштар бар, ал жогорку деңгээлдеги кадрларды тартууга жана мамлекеттик ишканаларга кирешелүү иштөөгө шарт түзөт”, — деди Жоомарт Оторбаев, Фонд жетекчилигине жаңыдан дайындалган Дүйшөн Ирсалиевге кайрылып.
[su_carousel source="media: 41799,41800" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү