01

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев иштиктүү сапары менен Россия Федерациясында жүрөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кечээ, 30-ноябрда, Россия Федерациясынын Москва шаарына 2-ноябрда өтүүчү Кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиясынын 17-жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.

Бүгүн, 1-декабрда, сапар алкагында РФ Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, РФ Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрага биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

3-декабрда КР Өкмөтүнүн Жетекчиси Жоомарт Оторбаев Башкыртстан Республикасынын Уфа шаарына карай иштиктүү сапар жасап, анда республика президенти Рустэм Хамитов менен жолугушмакчы. Мындан тышкары, бизнес, академиялык чөйрө өкүлдөрү жана башка жактар менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү